Суббота, 23 ноября

Карамушкина комиссияга келбесе, комиссия Карамушкинага барат

0

Кой-Таштагы окуя боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия иштөө мөөнөтүн 15 — октябрга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Мындай тыянакка комиссия мүчөлөрү бүгүнкү отурумда келишти. Жыйындын жүрүшүндө Кой Таштагы окуяны тегиз карап, бардык тараптардын пикирлерин угуу зарылчылыгы айтылды.
Бүгүн комиссия өзүнүн иш планын бекитти. Ага ылайык ушул аптада алар Кой -Ташка барып жергиликтүүлөр жана жакындары менен сүйлөшүү жүргүзүшөт. Кийинки жыйынды Жогорку Кеңеште улантуу чечимине келишти. Буга КСДПчы депутаттардын, тагыраагы Ирина Карамушкина менен Асель Кодурановалардын коммиссияны тоготпой, отурумга келбей коюшу себеп болгон. Алар эл өкүлдөрүнүн пикирин угуу үчүн парламентке өздөрү бармай болду. Анткен менен буга комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова каршы чыкты.
Айта кетсек, Кой -Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия бир ай мурун түзүлүп, ага ЖК депутаттары баш болгон бир катар белгилүү инсандар мүчө болушкан. Коммиссияга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков төрагалык кылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз