ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынында аскер прокурору Нуркамал Набиев билдирди. Бул иш анын айдоочусуна байланыштуу экени да белгилүү болду.
Комиссиянын мүчөсү депутат Бактыбек Райымкулов белгилегендей мурдагы орун басардын айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу ИИМдин атайын бөлүгүнүн жоокери болгон, бир жылдан бери Асановдун айдоочусуна айланган.
“Атайын бөлүктүн жоокерин Асанов кызматка мыйзамсыз алган. Аны Асановдун кол алдындагы кызматкерге которуу боюнча буйрук чыккан эмес. ИИМден айрым кылмыш иштерди бизге беришти. Анын негизинде биз Асановдун аракеттерине баа беребиз”, — деди Бактыбек Райымкулов.
Эске салсак Асановдун айдоочусу Кой-Таштагы окуяда мурдагы президенттин үйүнөн баштык көтөрүп чыгуу чуусуна аралашкан. Баштык алгач айдоочунун колунда болуп, кийинчерээк аны мурдагы орун басардын уулунун колуна бергени видеокөзөмөл аркылуу тастыкталганы айтылган.
