Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэриясы окуучуларды электрондук билет алууга мажбурлап жатат деген пикирлер айтыла баштады.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын тургуну өзүнүн фейсбук баракчасына жазган.
“Айрым мектеп мугалимдери баламдын коомдук транспортто бекер жүрүүсүн камсыз кылуучу электрондук билеттерди сатып алууга кыйнап жатат”, — деп жазган ал.
Өз кезегинде шаар мэриясынын басма сөз кызматы окуучуларды кыйнап билет сатпагандарын билдиришти. Маалыматта электрондук картаны каалоочулар гана алаарын, бир дагы мектеп директоруна база толтуруу жөнүндө көрсөтмөлөр берилген эместиги айтылат.
Эскерте кетсек мындан мурдараак Бишкек шаарынын мэриясы окуучулардын автобус, троллейбустарда төлөнүүчү жол кире акысы мындан ары электрондук негизде жүргүзүлөөрүн билдирген. Бул долбоор үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта ишке ашат. Анын баасы 175 сомду түзөт.