Суббота, 23 ноября

Кыргызстанга “жыргализм” доору келди

0

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Кыргызстанга “жыргализм” доору келди дейт. Ал Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө жетекчилик кызматтагылар ар кими өзүн өзү билип калганын белгиледи.
Жолдошбаев билим берүү министринин орун басарын реалдуулук менен дал келишпеген өтө эле кооз сөздөрү үчүн сынга алды.
“Бизде “жыргализм” доору башталды. Акимдер директорлордун моюнунда отурушат. Алардын айрымдары бир да жолу мектепке барбагандар”, — деди депутат.
Буга дейре билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова өлкөдөгү мектептердин 60 пайыздан ашыгы өзүнүн чарбачылыгына ээлик кылаарын айткан. Депутат мындай маалыматка макул болбоду.
“Республиканын алыскы аймактарындагы мектептерди ал нерсе жок. Мен сиздин айтканыңызга таң калып жатам. Сиздин айтууңуз боюнча 1371 мектептин жеке чарбачылыгы бар турбайбы”, — деди Жолдошбаев.
Жусупбекова кеп мектептин чакан короосу тууралуу болуп жатканын белгиледи. Ал фермердик чарба тууралуу айтпаганын, мектептин айланасындагы бир нече сотых жерлер тууралуу кеп болуп жатканын, ал жерге дарактар отургузулганын айтты.
Бул жооп да депутатты канааттандырган жок. Жолдошбаев билим берүүнүн орун басарын кооз сүйлөөгө айыптап, жыйырмага чакты мектепте болуп кайтканын билдирди.
“Сиз абдан кооз сүйлөйт экенсиз. Мен жыйырмадай мектепте болдум. Ал жактарга сиздердин адистер турмак райондук деңгээлдеги адистер да басып барбаганын уктум. Абдан эле начар иштеп жатканыңыздарды моюнга алуу керек. Кытай дубалын орнотпой, реалдуу иштегилечи”, — деп депутат суранды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз