Суббота, 23 ноября

Ош базарда кандай сыр бар?

0

Ош базарда соода кылган жарандар Бишкек мэриясынын алдына кайрадан митингге чыгышты. Бул туурасында нааразычылык акциянын катышуучуларынын бири билдирди.
Айтымында алар мэр Азиз Суракматов менен жолугуунун жолун издешүүдө. Бирок калаа башчысы акция катышуучуларына чыккан жок. Ордуна аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев чыкты, бирок тараптар бир пикирге келишкен эмес.
Митингчилер мэриянын Ош базардагы соода күркөлөрүнөн чыгаруу аракеттерине нааразы болуп, андай болсо өзүнчө муниципалдык базар куруп берүүлөрүн талап кылышкан.
Эскерте кетсек акыркы убакта Ош базарынын тегерегинде түрдүү окуялар орун алып келет. Мисалы кышында ал жакта өрт чыгып, көптөгөн ишкерлердин миллиондогон товарлары күйүп кеткен. Көп узабай мындай көрүнүш дагы кайталанган. Ошону менен катар ар кандай курулуш иштерине байланыштуу аталган базарда ирээтке келтирүү иштери жүрүп жатканын мэриядан билдиришкен. Буга нааразы болгондор митингге байма-бай чыгышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз