Жакында эле Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда болуп өткөн таймаштын алкагында дүйнө чемпиону наамын багындырган балбан кыз Айсулуу Тыныбековага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үч бөлмөлүү батир белек кылды. Бул туурасында “kyrgyz.news” интернет сайтына спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Айсулуунун жеңишинен кийин Кыргызстандагы курулуш компанияларынын биринин жетекчиси Айсулууга бир бөлмөлүү батир белек кылаарын өзүнүн инстаграммдагы баракчасына жазган болчу.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова турнирдин алкагында дүйнөдөгү эң күчтүү делген 5 балбан менен беттешип, баарын жеңип алтын медаль тагынган. Өзүнүн билдирүүлөрүндө ал бул жеңишин Кыргыз элине арнай турганын айткан.
Тыныбекова дүйнө чемпиону болгондон кийин бир да жолу интервью бере элек. Мамлекеттик спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова Тыныбекова Токиодо өтө турган Олимп оюндарына чейин машыгуунун үстүндө гана болоорун кабарлаган.