Бишкекте Ош базарындагы сатуучулар уюштурган митинг соңуна чыгып, катышуучулар тарап кетишти. Алар мэр Азиз Суракматов менен жолугушуп, убадасын алгандан кийин тарашты.
Митингчилер мэрияга соода орундарын электр энергияга туташтыруу талабын коюшту. Мэр 10 күн ичинде алар бардык тийиштүү документтерди топтосо, электр энергия менен камсыз болушаарын айтты.
Мэрдин айтымында сатуучулар отурган жер “Берекет” ЖАКка караштуу, соодагерлер менен базар администрациясынын ортосунда бул жерди эксплуатациялоо боюнча талаш маселе бар. ЖАКтын жетекчилиги алардын электр энергиясын бир тараптуу өчүрүп таштаган. Ошондуктан мэр электр энергияны кайрадан улаштырууну тапшырды.
“Соода түйүндөрү орун алган жер дагы “Берекеттин” менчиги. Ала-Арча өзөнүнүн боюу муниципалдык жер. Бирок он жыл мурда аны аталган ЖАКка ижарага беришкен. Учурда эмненин негизинде ижарага берилгени иликтенип жатат”, — деп Суракматов журналисттерге билдирди.