Пятница, 22 ноября

Мамлекеттик ооруканалар акы ала баштайбы?

0

Кыргызстандагы мамлекеттик ооруканаларды өзүн өзү каржылоого өткөрүү аракеттери башталды. Бул тууралуу Саламаттык Сактоо министрлигинин өкүлү Кубанычбек Калмаматов Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.
Айтымында бул пилоттук долбоордун алкагында улуттук госпиталдын офтольмология бөлүмү, Органдарды трансплантациялоо жана жүрөк хирургия илим изилдөө институту, ошондой эле Улуттук хирургиялык борбору тандалып алынган. Өзүн-өзү каржылоого өткөрүү менен аталган медициналык борборлордогу дээрлик бардык кызматтарга акы төлөнүп калат.
Ошондой эле саламаттык сактоо министрлиги аталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашышы менен өлкө аймагындагы башка ооруканаларды дагы ушул ыкмага өткөрүүнү пландоодо.
Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова болсо мамлекеттик ооруканаларды өзүн өзү каржылоого өткөрүү кооптуу экенин, ал кийин жеке менчикке айланып кетиши толук ыктымал дейт.
“Азыр деле бир катар ооруканалар кимдир бирөөлөрдүн жеке борбору катары иштеп келет. Долбоордун өзү жакшы, бирок мындан бейтаптар медициналык жардамсыз калбашы керек. Бул мекемелердин иштеп тапкан акчасын кантип, каякка жумшаары түшүнүксүз. Эгерде каражаттар атайын эсепте кармала турган болсо анда ал бюджетке байланып калат. Өзүңүздөр билгендей жылдын аягында атайын эсептеги бардык акчалар чечилип алынат. Жеке эсеп ачуу дагы вариант эмес, мамлекет алардын чыгашасын кантип көзөмөлдөйт?”-деди Строкова
Айта кетсек окмөт мындай долбоорду коомчулукка алгачкы ирет чыгарууда. Мындан улам азырынча ал жарандар тарабынан кандай кабыл алынаары белгисиз. Министрлик болсо бул кадамын саламаттык сактоо тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга аракет катары баалап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз