Вторник, 21 мая

Тарыхты өзгөрткөн Талас салгылашуусу

0

Адамзат тарыхында көптөгөн согуштар болуп өткөн. Бирок айрым согуштар бүтүндөй тарыхты өзгөртүп салган. Алардын бири 751-жылдын июль айында  кытайлар менен арабдар ортосундагы болуп өткөн Талас же болбосо биздин тарыхый китептерде айтылган Атлах салгылашуусу.

Бул согуштун жыйынтыгы Борбор Азия тарыхында чоң бурулуш жасаган. Анткени арабдар Борбор Азияны каратып алуулары дээрлик 100 жылга жакын созулуп, Улуу Кытай дубалына чейинки аралыкты басып алуу планы бар болчу. Бирок Борбор Азиядагы түрк элдерине таандык болгон майда шаарлар, мамлекеттер, княздыктар, бектиктер жана аймактык хандыктар арабдардын колун чыгышка кетирбей майтарып турган. 

 Арабдардын кандуу экспанциясы, максатынан тайган жортуулдары түрк элдерин ого бетер каршылык көргөзүүгө аргасыз кылган. Араб Халифаттыгына  Омаяддар династиясы бийликке келгенде алгачкы жылдардагыдай болуп ислам динин жайбастан, тоноочулук, байлык, бийлик, басып алуу саясатына өтүшкөн эле. Ал гана турсун арабдар өздөрүнүн ичинде да уруучулук касташуу жахилият (исламга чейинки сабатсыз мезгил)  доорундагыдай болуп баштаган. 

Ал эми басып алган фарс, иран, түрк элдерине экинчи сорттогу мамиле жасашкан. Арабдардын чыгыш чек арасын кеңейтүүгө болгон планын 700-жылдардын башында азыркы Кыргызстандын түндүгү, Казакстандын түштүгүндө курулган Түргөш кагандыгы бузган. Чыгышта болсо илгертен Кытай күчтүү жоо эле. 

Арабдар Фергананы 712-715-жылдары басып алганда жергиликтүү түрк башкаруучулар Чыгыш  Түркстандагы Кытай губернаторлоруна баш калкалап, жардам сурап качышкан. Ошентип Борбор Азия омейяддар (арабдар) менен Тан империясынын (кытайлар) геосаясий тирешүүсүнө айланган аймак болуп калган. 

740-жылдары Түргөш кагандыгынын алсырап калгандыгына байланыштуу жана арабдардын улам чыгышка карай жылуусунан 747-48-жылдары Куча провинциясынын (Чыгыш Түркстан) губернатору Гао Сяньчжи Кытай армиясына кол башчылык кылуу менен Борбор Азияга басып кирет. Анын армиясында көп сандаган түрк тилдүү элдер да болгон. Ысык-Көл, Чүй, Таласты кыйратып-талкалап караткан кытайлар Ташкент башкаруучусу Багатур Тудунду (Мохэдун) өлтүрүшү түрктөрдүн арабдарга кайрылуусуна мажбур кылган. Бул учурда арабдардын омейяд династиясы абасиддер тарабынан сүрүлүп чыгарылып, араб халифаттыгында бийлик алмашкан эле. 

Ошентип Абасиддер бийликке келгенине бир жыл болбой жатып чоң душман менен каршылашуу алдыда турган. Арабдар кытайларга каршы Хорасан губернатору Абу Муслим жана йемендик кол башчы Зияд ибн Саликти жөнөткөн. Эки чоң армия 751-жылы июль айында азыркы Талас облусу менен Казакстандын Тараз шаарына жакын чек арада, ошол учурдагы Атлах шаарынын жанындагы Талас дарыясынын боюнда бет келишет. 

Эки ири армия бири-бирине даап чабул койо алышпай бир канча күн турушат. Кытай армиясынын катарындагы карлуктар же болбосо түрк тилдүү элдер Кытайлардын арка тарабынан чабуулга өтүп, арабдардын да алды тарабынан сокку урусуна шарт түзүшкөн. Ошентип 70 миңдик Кытай армиясынын көпчүлүгү өлүп, 20 миңи арабдарга колго түшүп, аз гана санда качууга үлгүрүшкөн. 

Бирок бул согуш тууралуу ислам тарыхчылары: Ибн Тайфур, Аль-Макдиси, Ибн Аль Асир, ат-Табари, Йакуби, Белазурилер аз гана сүйлөм менен эскеришкен. Ошентсе да бул согуштун тарыхты өзгөрткөн бир нече себептери бар эле. Алар төмөндөгүдөй:

  1. Арабдардын Омейяддар династиясы бийликте турганда жаңылыш саясатынан улам көп жылдар бою арабдар менен түрк элдери бири-бирине душман болуп келген. Талас согушу эки душман элди бириктирип, достоштурган жана чөлкөмдө тынчтык орногон. Түрк элдери да Араб халифаттыгына кызматтарга алынып, түрктөрдүн ислам динин кабыл алуусун тездеткен. Ошентип бул согуш Борбор Азия элдеринин исламга кирүүсүнө өбөлгө болгон. Эгер согушта кытайлар жеңип алганда, анда Борбор Азия калкы балким, будда динине киришмек. 
  2. Кытайлар көп жылдар боюу Борбор Азияны, түрк элдеринин конуштарын басып алуу саясатын жүргүзүп келген. Кытайлардын Талас согушундагы жеңилүүсү Борбор Азияга болгон сапарын миң жылга кечеңдеткен. Бул согуштан кийин Кытайлар Борбор Азияга 1758-жылы гана келишкен. 
  3. Бул согуш менен бир гана кытайлар эмес, арабдар да Борбор Азиядагы каратып алуу саясатын токтоткон. Мурда каратылып алынган айрым жерлер түрктөргө өткөрүлүп берилген. Натыйжада жыгылган Түргөш кагандыгынын ордуна Карлуктар мамлекети курулган. Бул мамлекет өзү каалаган динде, ишеничте калган. Исламды кабыл алдыруу мурдагыдай күч-зодук менен болбой, үйрөтүү, үлгү болуу жолу менен жүргөн. 
  4. Талас согушунун бир гана саясий жактан эмес, маданий жактан да чоң мааниси бар. Анткени бул мезгилге чейин бир гана Кытайда кездеме жана кара куурайдан кагаз чыгарылган. Ал эми башка өлкөлөр кагаз үчүн папирусту колдонушкан. Аны өндүрүү кымбат жана зыяндуу эле. Арабдардын колуна түшкөн кытайлар мусулмандарга биринчи жолу арзан кагазды өндүрүүнү үйрөтүшүп, ал биринчи жолу Самарканд шаарында өндүрүлгөн. Мындан кийин Европа жана башка өлкөлөр мусулмандардан кагазды жасоону үйрөнүшкөн. Арзан кагаздын көп өндүрүлүп чыгышы менен мусулман дүйнөсүндө көп китеп жазылып, илим-билим дүркүрөп өнүгүп-өскөн. 

Даярдаган:  Дастан Разак уулу

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз