Тышкы иштер министрлиги теле алып баруучу Андрей Малаховдун кыргыздар жөнүндө айткан сөздөрүнө реакция жасады. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Кечээ, 26-сентябрда Тышкы иштер министрлигине Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчи-өкүлү чакырылган.
Жолугушууда орусиянын белгилүү теле алып баруучусу “Андрей Малахов менен түз эфир” аттуу көрсөтүүсүндө Москва шаарындагы адам өмүрүн алган жол кырсыгына байланышы бар кыргызстандык боюнча айткандары туурасында сөз болгон.
Көрсөтүүнүн жүрүшүндө алып баруучу жол кырсыгына туш болгон кыргызстандык Исламбек Акбаровдун дарегине айткан туура эмес создөрүнө көңүл бурулууда.
“ТИМ өкүлдөрү Кыргыз-Орус мамилесин, стратегиялык өнөктөш мамлекет катары Россиянын мамлекеттик каналынын алып баруучуларынын мындай билдирүүлөрүнө тынчсызданат”-деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, жакында эле Москва шаарында жол кырсыгы катталып андан Россия Федерациясынын жараны Александр Маругов каза тапкан. Ал мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келатып бурулуп бараткан таксиге урунган. Таксини 23 жаштагы кыргыз жараны бшкарып баратканы ачыктлган. Акыркы маалыматтарга ылайык учурда Исламбек Акбаров 1 айга камака алынган, адвокатынын билдиришинче Исламбек жол эрежесин бузган эмес.