Буга чейин айтылгандай эле Дастин Порье өзүнүн кийимдери менен кошо Хабиб Нурмагомедовдун футболкасын аукционго койгон. Бул туурасында бир катар эл аралык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык UFC уюмунун жеңил салмактар боюнча мурдагы убактылуу чемпиону Дастин Порье “Ebay” аукционунда өзүнүн спорттук чолок шымын, кол кабын жана Хабиб Нурмагомедовдун футболкасын койгон. Бул кийимдер жалпысынан 60 миң АКШ долларына бааланган. Албетте түшкөн каражат Порьенин кайрымдуулук фондуна которулат.
Белгилүү болгондой америкалык мушкердин кайрымдуулук фонду бар жана ал ар бир беттештен кийин спорттук кийимдерин сатып, түшкөн акчаларды кайрымдуулук иштерине жумшайт.
Ал эми орусиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Дастин Порьенин футболкасын 100 миң долларга сатып, акчасын Дастиндин кайрымдуулук фондуна берген.
Эскерте кетсек, эки спортчунун беттеши Абу-Даби шаарындагы 7-сентябрда орун алган. Мушташтан кийин алар өз өзүнчө маалымат жыйын беришип, анда Хабиб Порьенин фондуна акчалай жардам берүү ниетин билдирген болчу.