Вторник, 26 ноября

Ташиев менен Жекшенкуловдун айтышы

0

Саясатчы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Россиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкуловго соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылды.
«Провокатор, шовинист, төмөнкү сорттогу Малаховду тыйып кое албайсыңарбы? Ал кыргыз-орус элинин ынтымагына шек келтирди. Кырсыктан өтө начар сенсация жасады», — деди Ташиев.
Жекшенкуловдун жообу көпкө күттүрбөдү.
«Азыр көп журналисттер жана саясатчылар тилекке каршы ушул окуядан өздөрүнө упай топтоого аракеттенип жатышат. Алардын арасында Малахов да бар. Бирок биз бул татаал кырдаалда өзүбүздү адептүү кармап сиз атагандай айрым шовинисттердин изине түшпөшүбүз керек. Конфликтти жайгаруу улантылат, бирок айрым абийирсиз саясатчыларга бизди бул жаңжалга аралаштыруу аракетине жол бербейбиз. Жол кырсыгынын айланасындагы жасалма ажиотаж бүгүнкү күндө тергелип жаткан мекендешибиздин тагдырына терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деди Жекшенкулов.

Ал Ташиевди эмоцияга алдырбоого чакырды.
Эске салсак Москвада жол кырсыгынан орус олигархынын уулу каза тапкан. Кырсыкка кыргызстандык айыптуу делген. Андрей Малахов жол кырсыгын тапшырык менен атайылап жасаганын, аны жасаган кыргызстандык ири суммадагы акча алганын божомолдогон.
“Кыргыздар иштөө үчүн Россияга келишет. Алган айлыктары 10 доллар. Он – жыйырма адам болушуп бир батирде кысылышып жашашат. Кырсыкты жасаган айдоочу Кыргызстандагы көп балалуу карапайым үй-бүлөдө чоңойуптур. Анан киши өлтүргөндөн кийин эле “галстукчан” адвокаттуу болуп чыга келди. Ал “галстукчан” адвокатка төлөгөнгө акча кайдан алды?” – деп суроо салган Андрей Малахов.
Орус теле алып баруучусунун мындай билдирүүсү кыргыз коомчулугун эки күндөн бери нааразы кылууда.
Россиядагы Кыргызстандын элчилиги буга дейре алып баруучуну сынга алып: “Малахов биздин баатыр эмес” деп жарыялашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз