Саясат талдоочу Игорь Шестаковдун пикиринде Кыргызстандагы парламенттик башкаруу башаламандыкка айланып калган. Депутаттардын басымдуусунун туруктуу позициясы жокко эсе. Бул туурасында ал «kyrgyz.news» басылмасына интервью берип жатып билдирди. Анткени депутаттар кайсы бир партияны жамынып Жогорку Кеңешке келээри менен шайлоо алдында элге берген убадасын аткармак түгүл парламенттеги жыйындарга дагы түзүк катышышпайт. Андыктан парламенттин ичинде атаандаштык, берген убадасына туруу жана жасаган иштери боюнча элдин алдында отчет берүү сыяктуу эрежелерди киргизүү зарыл.
“2010-жылы мыйзамды алмаштырып президенттик парламенттик башкаруу деп атагандан бери 8-9 өкмөттү алмаштырдык. Чындыгында биз парламенттик көзөмөлгө эмес парламенттик башаламандыка ээ болдук десем туура болот. Бул иштерман өкмөттү шайлоонун ордуна партиялык кадрларды же партия мүчөлөрүнүн алдыңкы кызматтарга шайланышына алып келди. Өкмөттү алмаштырган жагынан бизди Гиннес китебине киргизсе болот. Конституциянын атасы делген Өмүрбек Текебаев дагы эркинен ажыратылып, абакта отурганда фракциялардын арасындагы кызмат талашуулар, интригалар өкмөттүн тез-тез алмашуусуна алып келип ал экономиканын кескин түшүп кетишине таасирин тийгизгенин моюнуна алган. Мына ушул парламентаризимдин тогуз жылынын аралыгында эмгек мигранттардын саны өстү. Бул жарандардын парламенттик башкарууга буту менен добуш бергенинен кабар берет. Ошондуктан мен бизде парламенттик көзөмөл жок деп айтат элем”,-дейт Шестаков.