Вторник, 26 ноября

Кыргызстанга эл аралык уюмдардын кызыгуусу артууда

0

Ушул күндөрү Бишкекте Кыргызстанда парламенттик көзөмөлдү күчөтүүгө арналган эл аралык семинар өтүп жатат. Анда Жогорку Кеңештин көзөмөл функцияларын бекемдөө, эл аралык өнөктөштөр жана эксперттер менен кызматташууну арттыруунун багыттары туурасында сөз болду.

Депутат Мирлан Бакировдун “kyrgyz.news” сайтына билдиришинче Кыргызстан парламенттик башкаруу жолун тандап алгандан бери бизге эл аралык уюмдардын кызыгуусу кучөгөн.

“Кыргызстанда парламенттик көзөмөлдү күчөтүү максаты бул Жогорку Кеңеште конститутциялык үч ыйгарым укук бар, көзөмөлдөө ошолордун бири. Анын өзгөчөлүгү бюджетти бекитип жатканда, коррупция менен күрөшүп жатканда, коомчулуктан чыккан пикирлерди өкмөткө жеткирүүдө парламенттин ролу чоң экенин байкаганбыз. Бул биз үчүн керек жана муну биз күчөтүшүбүз зарыл”-деди Бакиров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз