Вторник, 26 ноября

Ким канча түкүрүп, ким канча айыппул төлөдү?

0

Ушул жылдын 1-январынан тартып буга чейин болуп көрбөгөндөй мыйзам күчүнө кирген. Ал – коомдук жайларда, көчөдө түкүргөндөргө айып салуу. Административдик жоопкерчилик боюнча Кодекстин жоруктардын жана кылмыштардын Кодексине алмашылганы мына ушундай жаңычылдыкты ээрчите келген. Түкүргөн адамдар мыйзамга ылайык 5500 сом айыппул төлөөсү керек эле. Бул норма коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Кыргызстанда оңду-солду түкүрүүгө “усталар” көп беле негедир бул мыйзам элдин колдоосуна ээ болбой, нааразычылыгын жараткан. Өкмөттү таап чыккан табылгасы үчүн шылдыңга алып, айрымдар Кыргызстандагы орточо айлык акы бир түкүрүктүн баасына тең келээрин да айтышкан. Ошону менен коомчулуктун катуу каршылыгынан улам арадан бир айдай убакыт өткөндөн кийин айыппулдун өлчөмүн азайтуу чечими кабыл алынып, көчөнү түкүрүккө толтургандар миң сом менен кутулуп кете тургандай болгон.

Бирок тийиштүү кызматтар дээрлик үч ай бою мыйзам чегинде бул берененин негизинде айыптуу болуп калгандарды айыппул төлөтө алышкан эмес. Анткени райондук администрациялардын алдында эреже бузуу боюнча комиссия болгон эмес. Ошондой эле бюджет бекитилбегендиктен каржылык маселелерге байланыштуу бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыяланбаган. Бишкек мэриясы бул дагы бир айдын ичинде жөнгө салынаарын, эреже бузуулар боюнча иштер сакталаарын жана бланк маселеси чечилээри менен бийлик айыппул салаарын апрель айыда билдирген болчу.

Убакыттын өтүшү менен коомчулукту чалкасынан кетирген түкүрүк айыбы унутта калгансыды. Мыйзамдын иштей баштаганына туура тогуз ай болду. Бул аралыкта канча жаран жаңы мыйзамдын негизинде айыптуу деп табылып акчасынан айрылды? Бул суроолорго “Kyrgyz.news” сайты ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башкы инспектору Таалай Алижановдон жооп издедик.

Таалай Алижанов 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген мыйзамдын негизинде коомдук жайларда түкүрүү жана тамеки тартуу өз өзүнчө берене болгонун белгиледи. 15-февралдан кийин тамеки тартууга түкүрүү кошулуп, бир беренеге айланган. Айтымында мыйзам учурда иштөөсүн улантууда. Анын негизинде айыппул төлөгөн жана эскертүү алган жарандар бар.

“Тогуз айдын ичинде коомдук жайларда, көчөдө түкүргөн жана тамеки тарткан жарандарга карата 11 278 протокол түзүлдү. 5 585 жаран эскертүү алды. Протоколдордун негизинде 5 млн 700 миң сом айыппул салынып, анын 1 млн 380 миң 500 сому төлөтүлдү. Бул жалпы республика ичиндеги эсеп”, — деди Алижанов.

Ошондой эле ал убакыттын өтүшү менен какырынып-түкүрүнүп, көчөнү булгаган адамдардын катары азайып, эл маданияттуулукка, тазалыкка үйрөнүп баштаганын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз