Воскресенье, 24 ноября

Афган келишими тынчтыкты орното алабы?

0

Эксперттер, Америка менен Талибан кыймылынын ортосунда тынчтык келишими
түзүлгөн менен афган калкын чоң көйгөйлөр күтүп тургандыгын эскертип
жатышат.

Афганистанда 18 жылдан бери уланып келе жаткан Америка жана Талибан согушу токтоп, тынчтык келишимин түзүүгө аракеттер жүрүп жатат. Бирок, эксперттер мындай келишимдин ишке ашуусу жана улануусуна карата күмөн саноолорун билдиришти. Өткөн аптада Америка жана Талибандын өкүлдөрү Катардын борбор шаары Дохада Пакистандын ортомчулугу аркылуу жолуга алышты. Тараптар Вашингтон жетекчилигинин негизги талабы болгон «ок атууну токтотуу келишими» боюнча белгилүү бир чечимге келе албаса да, тынчтык келишиминин ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жогору экендиги жөнүндө пикирлер айтылууда. Ал эми талдоочулар болсо тынчтык келишимине кол коюуу менен эле өлкөдөгү маселелер чечилип калбай тургандыгын айтып келишет. Пешавер шаарында жашаган Афган саясат таануучусу Рахимуллах Юсуфзай «АА» агенттигинин кабарчысына берген маегинде: “Келишимге жетишүү үчүн эки тарапка теӊ убакыт бар. Келишим түзүлгөн учурда деле Афган калкынын алдында олуттуу кыйынчылыктар турат” – деди. Эң башкысы Талибан менен Афган бийлигинин ортосундагы сүйлөшүүлөр боло тургандыгын белгилеген Юсуфзай, Талибандын бийлигин афган эли мыйзамдуу бийлик катары кабыл албай тургандыгын эске алганда, бул сүйлөшүүлөр канчалык деңгээлде реалдуу болорунан күмөнү бар экендигин билдирди. Юсуфзай сөзүн мындайча улантты: “Экинчиден, Афганистанда Америкага же Афган өкүмөтүнө баш ийбеген куралдуу күчтөрдүн тобу бар. Талибан менен да булардын биригип кетүүсү мүмкүн эмес. Мисалга алсак (Афган бийлигинде президенттин биринчи катчысы, жардамчы болгон) Рашид Дустум 6 миңден ашык Талибан согушчандарын жок кылды. Талибан аны менен, же андан башкалар менен кандайча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү белгисиз?”. Дагы бир көйгөй, 300миңге жакын Афган коопсуздук (аскер) күчтөрүнүн келечегине көңүл бөлгөн Юсуфзай, бөтөн күчтөрдүн чегинүүсүнүн натыйжасында өлкөдө ички согуштар күч алып кетпейби деген тынчсыздануусун билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз