Ушул айдан тартып республикадагы мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти.
Алар белгилешкендей министр айлык акыларды жогорулатуу боюнча токтомго кол коет, анын негизинде октябрь айынын маянасын мугалимдер жогорулатылган өлчөмдө алышат.
Маалыматка караганда республика боюнча 120 миңден ашык мектеп мугалимдеринин, бала бакча жана интернат мугалимдеринин маянасы жогорулатылды. Тагыраагы буга дейре 12 миң сом айлык алган мугалимдер бул айдан баштап 17 миң сомдон ашык акча алышат. Ал эми бала бакчалардын тарбиячыларынын маянасы 17 миңге жетет. Министрликтин өкүлдөрү маяна менен кошо мугалимдерге талап да көбөйөрүн, муну менен билим берүүнүн сапаты арттаарын белгилешти.
Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаковдун айтымында бул үчүн кошумча 1, 742 миллиард сом керектелет. Ал каражатты Каржы министрлиги камсыздаарын белгиледи.
Өлкөнүн орто мектептеринде 74 миңден ашык мугалим эмгектенет.