Вторник, 26 ноября

Исаков ишти маданияттуулукка үйрөтүүдөн баштайт

0

Билим берүүнүн жакында дайындалган министри Каныбек Исаков бүгүн, 30-сентябрда жыйын өткөрүп кызматкерлерин маданияттуу болууга чакырды. Министрликке келген ар бир жаранга жылуу-жумшак, адамгерчилик менен мамиле кылуу керек дейт министр.

“Кандай маселе менен келбесин министрликтин босогосун аттаган ар бир жаран жылуу мамилеге дуушар болшу керек. Маселелерин мыйзам чегинде карап, муктаждыктарын өз убагында чечип бергиле. Биздин кызматкерлер ишке жоопкерчилигин жогорулатууга тийиш”, — деген министр ал турмак ар бир кызматкердин жумуш орду таза болуусу керектигин да белгиледи.

Ал министрлик өлкөдөгү билим берүүнүн башкы мекемеси экенин, андыктан бардык тараптан үлгү болуусу керектигин белгиледи. Ошондой эле акыркы жылдары коомчулуктун сынына көп кабалып жатканын да эске салды.

“Адамгерчилик, жылуу мамиле, маданияттуулук жана тазалык министрликтен башталып, өлкөдөгү бардык билим берүү бөлүмдөрүнө, мектептерге жайылтылсын. Билим берүүнүн деңгээлин, кадыр-баркын көтөрүшүбүз керек”, — деди Каныбек Исаков.

Эске салсак акыркы кездерде окуу китептериндеги ката, аталган министрлик жоопкер болгон жыйындардагы одоно каталар коомчулуктун катуу сынына кабылган. Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева мындай сындарга: “Бир-эки ката эч нерсени чечпейт”, — деп жооп берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз