Вторник, 26 ноября

Айсулуу: Чет өлкөлөрдүн спорт комплекстерин көрүп ичим ачышат

0

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова билим алган Бишкектеги Олимпиадалык резервдер мектеби оңдоодон өткөрүлдү. Оңдоо иштерине жалпысынан 48 миллион сом коротулду.
Бул тууралуу парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитетинин көчмө жыйынында белгилүү болду. Белгилей кетсек өткөн жылдын май айында депутаттар аталган окуу жайына барышып абалы менен таанышкан. Бир канча чемпиондорду тарбиялаган окуу жайынын имараты курулгандан бери бир да жолу оңдоодон өтпөгөндүктөн акыбалы өтө начар экендиги эл өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган эле.

Ошондой эле анда билим алган балдардын тамак-ашынын сапаты да начар экендигин эл өкүлдөрү белгилешкен. Мына ушул маселелердин баарын чечүү үчүн бюджеттен каражат бөлүнүүсүн депутаттар талап кылышкан.

Бир жыл аралыгында окуу жай байкалаарлын деңгээлде өзгөрүлгөнү бүгүнкү көчмө жыйында маалым болду. Депутаттар оңдоо иштерине бөлүнгөн каражат туура жумшалганын белгилешти. Бирок окуучулардын тамак-ашынын калориясы дагы деле жетиштүү ченемге жетпегенин айтышты.

“Бир баланын бир күндүк тамагына 213 сом бөлүнөт. Бул суткасына 5 саат машыккан спортчу үчүн жетиштүү эмес. Жок эле дегенде 326 сомго чыгарыш керек. Бирок былтыр биз келип эскертүүлөрдү бергенден кийин тамак-ашынын сапаты бир топ жогорулатыр”, — деди депутат Максат Эгембердиев.
Комитет жыйынына күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова да катышты. Ал өзү окуп кеткен спорт мектебинин оңдолгонуна кубанганын билдирип, спорт тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазылыгын айтты.

“Кыргыз спортун өнүктүрүү үчүн эл аралык стандарттагы спорт аренасы абдан зарыл. Чет өлкөлөргө барганда ал жактагы спорт комплекстерин көрүп ичим ачышат, Бизде да ошондой спорт ареналары болгондо деп ыйлагым келет. Мени канадалыктар чакырып жатат. Биз да дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларды чакыралы десек, аларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк жок. Эгер алар келсе, биздин жаш спортчулар үчүн тажрыйбасын жогорулатууга абдан жакшы шарт болмок”, — деди Айсулуу Тыныбекова.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз