Вторник, 26 ноября

Кыргызстанга тымызын келген Ингушетиянын экс-президентинин сыры

0

Генерал Абдыгул Чотбаевдин уулу Руслан үйлөнүп, үлпөткө Ингушетиянын экс-президенти Руслан Аушев келип кеткени маалым болду. Генералдын айтымында мурдагы президент жубайы менен бир күнгө гана келген, той болгондун эртеси, тагыраагы кечээ кайра мекенине учуп кеткен.

Чотбаев Аушев менен көп жылдан бери тааныш экенин айтат. Операциялардын биринде экс-президент Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын башкы колбашчысынын өмүрүн сактап калган. Ал учурда Чотбаевдин бойдок кези. Бирок ошондо эле уулдуу болсо атын Руслан коюуну жана ал уулу бой тартып үйлөнгөндө тойго Аушевди чакырууну тилек кылган. Тилеги аткарылып өмүрүн сактап калган досу тоюунун коногу болду.

Ингушетия Россиянын курамындагы өлкө. Бул өлкө бир жылдары Осетия менен согушуп, башынан оор күндөрдү өткөргөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз