Бүгүн, 30-сентябрда “Кесиптик уюмдар федерациясынын” кызматкерлери митингге чыгышты. Алар Жогорку Кеңеште каралып жаткан профсоюздар жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна каршы. Федерация мүчөсү Канат Осмонов “kyrgyz.news” интернет басылмасына төмөнкүлөрдү билдирди:
-Биз Жогорку Кеңештеги төрт депутаты тарабынан демилгеленип жаткан мыйзамга каршыбыз. Анткени ал долбоор профсоюз уюмуна баш аламандыкты алып келет. Мыйзамга каршы чыккан жерибиз жок, болгону андагы 2-бөлүмдү алып салууларын талап кылабыз. 2-бөлүмдө биздин мекемедеги мүчөлүк акы толугу менен өкмөттүн көзөмөлүндө болушу керек деп жазылган. Муну менен кимдир бирөө профсоюздун балансындагы бардык мекемелерди менчиктештиргиси келет. Бирок биз ага жол бербейбиз.
Айтымында мыйзам парламентте биринчи окууда колдоо тапкан. “Биз буга каршы чыгып, президентке кайрылуу жасайлы деп жатабыз. Мамлекет башчысынан аталган долбоорго вето коюусун суранабыз. Ал үчүн бир ай мурун кол чогултуп баштаганбыз. Учурда 42 миңге чукул жаран кол коюп берди. Муну менен эле токтоп калбайбыз кол чогултууну улантабыз”,-дейт ал.
Ошондой эле Канат Осмонов мөөнөтсүз нааразычылык акциялар уланаарын кошумчалады:
“Бул биз өткөрүп жаткан биринчи жолку нааразычылык акция эмес. Буга чейин дагы чыгып келгенбиз. Эгерде биздин сунуштарыбыз эске алынбай талаптарыбыз аткарылбаса мөөнөтсүз митингдерди улантабыз. 7-октябрда дагы акцияга чыгабыз”.