Пятница, 19 апреля

«Билимканада» балдар ууланып

0

Бул окуя “Билимкана-Бишкек” деп аталган борборубуздагы менчик мектепте болгон. Мектеп окуучулары эрте мененки тамактан соӊ ууланышкан. АКИpress маалымат агенттиги 31-январь күнкү Бишкекте 3 “А” класстын окуучуларынын ичине 5 бала тамактан ууланышып, Бонецкий лабараториясына алынып баргандыгы тууралуу маалымат тараткан. Данияр Деркембаев аттуу жаран өзүнүн фейсбук баракчасында маалыматты жаап-жашырып жаткандыгы үчүн менчик мектептин директору Елена Мундузбаеваны күнөөлөп чыкты. «Мектептин директору ата-энелерге так маалымат жеткизбей, уулануунун себеби азырынча белгисиз, текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат, окуучулар анализтапшырууда деп жооткоткон. Ата-энелер да балдары окуп жаткан жеке менчик мектептин аброюн түшүрбөө максатында маалыматты жашырып жатышат» — деп жазат Деркембаев. Деген менен Елена Мундузбаева АКИpress маалымат агенттигине эрте мененки тамактанууга 630 окуучу киргендигин, алардын ичинен 4 окуучу өзүн жаман сезип,
Бонецкий лабараториясына текшертүүгө алып барышкандыгы тууралуу маалымдаган.

Биз бул маалыматты тактоо максатында мектептин директору Елена Мундузбаева менен телефон аркылуу байланыштык. Ал, «Мектептин 5 окуучусу уулангандыгы анык. Ата-энелер менен бүгүн жыйын өткөрөбүз. Ууланган балдардын үчү бүгүн мектепке келген эмес, калган экөөсү окуучу окуп жатат» — деп билдирди. Ошондой эле бүгүн да кошума анализдер тапшырылып, жыйынтыгы жакында дайын болорун кошумчалады. Менчик мектептердин деле телегейи тегиз эмес. Ата-энелер тарабынан коюлган
талаптардын өз учурунда аткарылбай жатышы, тамак даярдоодо гигиенанын сакталбай жаткандыгы, башка да бир топ маселелер нааразылыктарды жаратып келүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз