Четверг, 2 мая

«Ыйман» фондуна берилген миллиондор кайда жумшалды?

0

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду 2014-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. Бул фонддун түптөлүүсүнө Гүлен менен жолугуп келгендиги айтылып жүргөн, А. Атамбаевдин тушундагы президенттик аппараттын башчысы болуп иштеген айтылуу Фарид Ниязовдун салымы чоң. Фонддун ийгиликтүү иш алып баруусу үчүн Түркия Республикасы тарабынан ири өлчөмдөгү каржылык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу ачык берилбегендиктен, ар кандай цифралар айтылып келет. Айрымдары 10 миллион доллар десе, дагы башкалары 15 миллион доллар дешүүдө. Ким кандай десе да бул чоң акча экендиги талашсыз чындык.

Алгач фондду Искенден Ормон уулу аттуу диний эксперт болуп жүргөн адам жетектеген. Ормон уулу Гүлен жамаатына Анкарада окуп жүргөндө эле аралашкан. Кийин Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Жаш ишкерлер ассоциациясын (ЖИА) түзгөн. Ормон уулу гүленчилердин «дин соодасын» мыкты билген кишиси катары да таанымал. «Ыйман» алгачкы жылдары түзүлгөн учурда ФЕТОго (Фетхуллах Гүлен жетектеген террордук уюм) байланыштуу Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) менен «Марал» радиосу жайгашкан имаратта иш алып баргандыгы маалым. Натыйжада Ормон уулунун жетекчи болушу фондго демөөрчү болот деген түрктөргө жакпай калган. Андыктан дароо Ормон уулун кетиришип, ордуна дин жолундагы, ыр жазган таланты да бар, күлүп сүйлөп, жылмайып жүргөн Нуржигит Кадырбековду отургузушат. Бул жигиттин да фонд жетекчилигине келишине ошол эле Фарид Ниязовдун салымы чоң болгон. Н. Кадырбеков Ош мамлекеттик университетинде окуп жүрүп студенттик кеңештин төрөгасы болгондон тышкары Гүлен жамааты менен тыгыз байланышып жүргөн. Ошоной эле Гүлен жамаатына таандык «Нур» газетасын чыгаруу да Н. Кадырбековдун колдоосунда ишке ашкан.

Мындан тышкары ал бир аз убакыт ФЕТОго таандык ЖИАда иштеп калууга да үлгүргөн. Н. Кадырбеков жетекчилик кызматты аркалаган менен фонддо эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Анын чечендик өнөргө салып сүйлөгөнү, диний темага анча ылайык келбеген китептерди чыгарганы жана имамдарга стипендия бергенинен башка өлкөнүн дин чөйрөсүнө кошкон салымы көзгө көрүнбөй келет. Ал Түркия өкмөтү тарабынан берилген ири көлөмдөгү акчалай жардамдар тууралуу дээрлик сөз кылгысы келбейт. Бул боюнча, же массалык маалымат каражаттарында, же өзү көп катышып жүргөн жыйындарда жарты ооз сөз айта элек. Алынган каражаттын кайда жана кандай максатта жумшалгандыгы боюнча бир нече жыл өтсө да отчёт бере элек. Ал тургай «Ыйман» фондунун ишмердүүлүгү, Түркия өкмөтү берген акчанын отчётун берүү талабы депутаттар тарабынан көтөрүлгөндө да жооп бербей кутулган. Сыягы, аны бул жагдайдан эски бийликтин, өзүнүн артында турган Ф. Ниязов жана башка жогорку кызматты ээлеген «крышалары» куткарып калса керек. Болбосо биринчи бийлик деп аталган Парламенттин бакыйган депутаттары чоң трибунадан отчёт талап кылганда ак же көк деп жооп айтыш керек эле. Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, «Ыйман» фондуна Түркия тараптан, азыркы президент, ал кездеги өкмөт башчы Режеп Таййип Эрдогандын жеке кийлигишүүсү менен ири суммада акча бөлүнгөн. Түркиянын бул жардамы А. Атамбаев, Ф. Ниязов же Н. Кадырбековдун жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, Кыргызстандагы диний кырдаалды оң жолго салуу, имамдардын сабаты менен диний маданиятын өнүктүрүү үчүн берилген. Андыктан имамдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу, диний мазмундагы адабият жана журналдарды басып чыгаруу багытында көзгө көрүнөрлүк иштер жасалыш керек эле. Фонддун түзүлүшү да диний тармакка колдоо көрсөтүүнүн негизинде курулганын эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Динди колдоо иретинде түптөлгөн фонд эмнегедир диний эмес мазмундагы жана башка динге байланышпаган китептерди басып чыгарып жатканын да одоно катачылык катары мүнөздөөгө болот. Фонддун негизги максаттарына ылайык иш жүргүзбөй жатышы да Түркиядан келе турган каржылык жардамдардын токтоп калышына чоң кедергисин тийгизүүдө. Анын максаттарынын бири — диний сабаттуулукту жоюу болгон соң, диний мазмундагы адабияттардын жарык көрүшүнө да олуттуу түрдө көңүл бурушу керек эле. Албетте, мындай алешемдиктердин баардыгы максат, план түзүлбөгөндүктөн жана эң негизгиси чыныгы динге күйгөн жетекчини эмес, ФЕТОнун мүчөсүн тандап алып, анын колуна олчойгон акчаны берип койгондуктан улам болууда. Түркия өкмөтү мындан ары «Ыйман» фонду менен иштешүүдө, же акча берүүдө алдын ала шарт коюп, туура кадр тандоого көңүл бурат деген үмүтүбүз чоӊ!

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз