Пятница, 22 ноября

Кытай 1 миллиард тонна мунай жана 1,06 триллион кубометр газ кору тапты

0

Кытайдын ири мунай жана газ өндүрүүчү CNPC компаниясы 1 миллиард тонна мунай жана 1,06 триллион кубометр газ кендери табылгандыгын билдирди. Табылган газдын көлөмү глобалдык рынокто балансты өзгөртүүсү күтүлүүдө.

Дүйнөнүн эң көп мунай колдонуучусу жана импорттоочусу болгон Кытай жаңы кен запастарын ачууда ийгиликтүү баратат. CNPC компаниясынын берген маалыматына ылайык, Шинжан Уйгур автономиялык аймагында табылган мунай запасы 693 миллион тонна деп болжолдонууда. Бул жылы компания 640 миң тонна нефти өндүрүүгө ниеттенгенин белгилеген компаниянын вице-президенти Ли Лугуан: “кийинки жылдарда бул көрсөткүч 3 млн тоннага жетээри күтүлүп жатат”- дейт.

Компания Шинжан аймагында 740,97 миллиард кубометр газ запасынын да табылганын жарыялаган. CNPC бул жылы 7,7 миллиард кубометр газ өндүрүүнү пландап жатат. Компаниянын маалыматтарына ылайык, Шинжан аймагында жалпысынан 1,06 триллион кубометр көлөмүндөгү газ запасы аныкталган. Ли Лугуандын айтымында, компания технологиялык жаңылыктарды өздөштүрөт жана жаратылыш газы сыяктуу Кытай үчүн адаттагыдан тыш энергия булактарын изилдөөнү кеңейтет.

Кытайдын мунай жана газ өндүрүү боюнча технологиясы азыркыга чейин алгылыктуу болгон эмес. Эми Кытай бул тармакта да дүйнөлүк рынокто революция жасай турган убактысы келди окшойт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз