Воскресенье, 24 ноября

Ош шаары тууралуу эмнелерди билесиз?

0

Ош шаары бүгүн 3018-жылын белгилеп жатат. Бул дата 2000-жылдан баштап белгилене баштаган, аталган жылы шаар 3000 жашка чыккан.

Бул күнгө карата шаардын борбордук аянтында театрдаштырылган оюн-зоок болууда. Андан тышкары жаштардын эл аралык форуму, балдардын жана студенттердин шаардын кооздугун, жаратылышын жана мекенге болгон сүйүүнү даңктаган сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот. Андан тышкары “Сулайман – Тоо – тынчтыктын жана биримдиктин символу” фестивалы орун алат. “Ош – ооматтуу ордо калаа” майрамдык жарманкеси, билимдин жана чыгармачылыктын жарманкеси, “Газпром” спорт комплексинде волейбол боюнч турнир да өткөрүлөт. Белгилүү эстрада ырчылары жана фольклордук ырчылар катышкан гала концерт майрамды көркүнө чыгарат. Акырында борбордук стадиондо жаштарга арналган дискотека болот.

Ош — калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турган Кыргызстандагы шаар. Ош шаардык администрациядан тышкары 25,6 миң жашоочусу менен шаар четиндеги 11 айылдар карайт. Расмий маалыматтарда Ош шаарынын калкы саны шаар четтери менен 500 миң жашоочу деп эсептелген. Бирок бей расмий булактарда жарым миллиондон ашаары айтылып келет. Шаарга 11 айыл карайт.

3018-жылдык өмүрү бар шаар тууралуу Тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытовдун жазмаларынан алынган бир нече фактыларды сунуштайбыз:

1. Ош шаары – Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Анын тарыхы так эмес, уламыштарда анын пайда болушу Александр Македонский, ал турмак Сулайман пайгамбар жашаган доор менен байланыштырылат. Археологиялык изилдөөлөр эл бул жерге биздин эрага чейинки 1000 миң жылдыкта отурукташканын аныктаган. Ал эми жазма даректерде Ош 9-10 – кылымдарга таандык делинет. Ошол учурда Ош чоңдугу боюнча Ферганадагы үчүнчү шаар болгон. Бул шаар аркылуу Орто Азиядан Кытай менен Индияга соода жолу өткөн. Улуу Жибек жолундагы кербендер токтоп эс алып кетүүчү маанилүү роль аткарган.

2. Байыркы Ош шаары көптөгөн кылымдар бою бир катар индоевропалыктар, ирандыктар, түрктөр, монголдор сыяктуу ири этностордун кызыкчылыгы аралашкан шаар болгону айтылт. Ошол кезде эле байыркы Ош шаарында бир эле учурда зороастризм, буддизм, христианство жана ислам сыяктуу ири диндердин тынчтыкта өкүм сүргөн. Бирок айрым эраларда алардын кырчылдашкан, кыргын коштогон келишпестиктеринин да чордонуна айланган.

3. Кокон хандыгынын доорунда Ош шаары бүткүл Кокон хандыгынын ири саясий, социалдык-экономикалык жана административдик борборуна айланган. Биз “Сынган кылыч” тарыхый чыгармасы аркылуу тааныган Алымбек датка Кокондун Мала ханы тарабынан 32 жашында (1832-ж.) Анжиян вилайетине бек болуп дайындалгандан кийин, вилайеттин саясий-административдик борборун Анжияндан Ошко которгон. Натыйжада Алымбек датканын Ак ордосу (өргөсү эмес – авт.) азыркы этнографиялык борбордун ордунда эмес, учурдагы эски Алай мейманканасы, арак заводу, Шейиттер дөбөсүнүн четинде 40 боз үй орун алып, алардын так ортосунда Алымбек датканын 12 канат ак өргөсү жайгашкан. Дал ошол жерде ал, кийинчерээк Курманжан датка көптөгөн кадырлуу конокторду, абройлуу чиновниктерди, элчилерди, саякатчыларды кабыл алышып, көптөгөн тарыхый, саясий, социалдык-экономикалык маселелерди чечип турушкан.

 

4. Орто кылымдарда Оштон бир топ даанышман аалымдар, ойчулдар, теологдор, ислам мыймачылары, чыгаан акындар чыккан. Алар: Али ибн Осман бин Мухаммед ибн Сулейман эт Телий эл Оший эл Фергани, Омар ибн Муса аль Оши, Мансур аль Оши, анын балдары Имран и Масуд, Мухаммад ибн Али ибн Хамид Абу Абдаллах аль Оши, белгилүү имам, Фергана өрөөнүнүн муфтийи, даанышман теолог, ислам укук таануучусу Шейх-уль-ислам Насуриддин Абу Мухаммед бин Сулейман эл Оши ж.б.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз