Суббота, 20 апреля

Бишкекте экологиялык жактан таза автобустар чыгарылат.

0

Бишкекте экологиялык жактан таза автобустар чыгарылат. Кыялдар орундалабы?

Кыргызстанда автобус, болгондо да жүргүнчүлөрдү ташуучу экологиялык жактан таза унаа чыгарылат деген сөзгө ишенесизби? Албетте, жок. Себеби Эгемендүүлүктүн 28 жылында жок дегенде ат араба жасалбаган өлкөдө мындай өндүрүш ал тургай түшүбүзгө да кирбей турган аң-сезим калыптанып калган. Анткен менен илим менен техниканын жана адам акылынын космостук ылдамдык
менен өсүп турган заманында кээде жомоктогу кыялдар тез эле орундалып калышы деле ажеп эмес. Эгер жергиликтүү ишкерлердин айтканына ишенсек, экологиялык жактан таза электр автобустар жакында Бишкекте каттай баштайт экен. Бул долбоорду кыргыз инженерлери, программисттер жана дизайнерлер ойлоп табышкан. Ата мекендик автобустарды иштеп чыгуу оюу 1,5 жыл мурда жаралган. Тогуз кишиден турган команда батарейка менен жүрүп, айлананы булгабай турган унааны иштеп чыгышкан. “Бир айдан кийин автоунааны чогултуу башталып, демилгени мамлекет колдосо биз — борбор калаанын тургундары менен коноктору автордук унааларында жүрүп калабыз”,- деп ишенимдүү түрдө Кабар агенттигине Окталион ЖЧКсынын директору Бакыт Курманкожоев айтып берди. Анын айтымында, баардык техникалык маселелери дээрлик чечилген. Болгону практикалык бөлүгү калган.
Биз чакан цех даярдап, ал жерде биринчи үлгүсүн түзүүнү пландап жатабыз. Автобустун бир заряды 70-80 чакырымга чейин эсептелген. Ал эми биздин жергиликтүү автобустардын бир тарапка каттамы 62 чакырымды түзөт. Биз жайкы жана кышкы режимдерди караштырганбыз. Ал атайын батарейкада — литий- титанат аккумуляторунда иштеп, болгону 6 мүнөттө заряддалат — деди ал.
Автобус 40 орундук болуп, андан тышкары 20 адам туруп барууга ыңгайлаштырылган. Батарейкалар гана Кытайдан алынып, андан тышкаркы баардык жумуш автордук иш болууда. Бакыт Курманкожоев баарынан мурда автобустар биздин экологияны сактоо үчүн жасалып жатканына басым жасады. Сынактан өткөндөн кийин, аны мамлекеттик деңгээлде тааныштырууну көздөп жатабыз. Аны жактырып, колдоо тапсак, анда долбоордун кийинки баскычын иштеп баштап — автобусту чыгара баштайбыз. Азырынча баасын чече элекпиз. Бирок эл аралык базарга чыгып, болжол менен 150 миң доллардан сатабыз. Кытайдан чыккан электр автобустары учурда дээрлик 300 миң доллар турат — деп белгиледи ал.
Эмне дейбиз, эгер бул долбоор ишке ашып калса, анда бүтүндөй атамекендик өндүрүштө чоң революция болот. Анткени авторлор бир ок менен эки коёнаткандай, өнөржай менен кошо көңүлүбүзгө көк таштай тийген экологиялык көйгөйдү да кошо чечип атышпайбы. Ошондой эле чет жактан бензин, дизел сатып албай, экономикабызга чоң салым кошулмак. Жакында эле депутаттар баш болуп, Бишкек көк түтүнгө чулганып, мештер менен унаалардан чыккан түтүн адамдарды гана эмес, баардык тирүү жандыктарды, жаратылышты ууландырып жаткандыгын айтып, айгай салышпадыбы. Бир чети шаардыктар жол кирени көтөрөбүз деп улам эле элди коркуткан, тейлөө маданияты төмөн “Бусиктердин” кордугунан кутулат элек… фотолор “Кабар” агенттигинен алынды)

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз