Вторник, 3 декабря

Бажыдан түшкөн акчалар кайда?

0

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 4-февралдагы
жыйынында 2018-жылы республикалык бюджет пландагыдан 6 млрд. сомго
аткарылбай калгандыгы белгилүү болду. Мындай маалыматты депутаттарга
билдирген каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтуусунда, жалпысынан
141,5 млрд сом киреше күтүлсө, жыл жыйынтыгында 135,4 млрд. сом гана киреше
алынган. Ошентип бюджеттик план болгону 95,7 пайызга гана аткарылган.
Депутат Зиядин Жамалдинов алдын ала белгиленген план салык боюнча 2,3
млрд. сомго, бажы боюнча 1,8 млрд сомго, трансферттер боюнча 1,9 млрд. сомго,
мамлекеттик мүлк боюнча 200 млн. сомго кем аткарылганын эске салып,
бюджеттик пландын аткарылбай калуу себептерине кызыкты. Вице-премьер-
министр Замирбек Аскаров кезинде пландын оптималдуу эле планы
сунушталганын белгиледи. «Планды аткаруу боюнча баардык аракеттер жасалды.
141,5 млрд. сом такталган план болчу, тилекке каршы ал аткарылбай калды», —
деп ал да алаканын жайды.
Ал эми депутат Кубанычбек Нурматов өкмөт өкүлдөрүнүн көӊүлүн мунайзат
өнүмдөрүнүн контрабандалык жол менен ташылып келип жатканына бурду. «Өлкө
аймагына 20 миӊ тоннага чейин мыйзамсыз күйүүчү май алынып келинүүдө. Бул
тууралуу силерде маалымат бар, бирок ушул кезге чейин иштиктүү чаралар
көрүлгөн жок же алыӊар жетпей жатат», деп, ал акциздик маркаларга көзөмөл
милдетин Айыл чарба министрлигинен алып, Салык кызматына өткөрүп берүү
зарылдыгын кошумчалады.
Тилекке каршы депутаттар да, өкмөт өкүлдөрү да бюджеттин дээрлик беш пайызга
аткарылбай калгандыгынын себебин, ички, тышкы карызды кантип төлөөнүн
жолдорун айтышкан жок. Сыягы, мындай божомолдор, жолдор да жок окшойт.
Ошол эле учурда Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдын он айында бажы
төлөмдөрүнөн бюджетке 34,3 млрд. сом түшкөндүгүн, бул өткөн жылдын ушул
мезгилине караганда 23% көп экендигин билдирген.
Анткен менен экс-президент Алмазбек Атамбаев өз интервьюсунда бажы
жыйымдары уурдалып, өлкө казынасы миллиондогон каражатты жоготуп жатканын
айткан. Ал эми орусиялык "Regnum" маалымат агенттиги соңку 20 жылда
Кыргызстан менен Кытайдын бажы статистикасындагы айырма 50 млрд. долларга
жеткенин жазган.
Бирок экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген
интервьюсунда өзү мамлекетти башкарып турган жылдары бажыдан 3 эсе көп
каражат топтолгонун билдирген. Ал тургай азыр абакта отурган Бишкектин экс-
мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек
Кулматовдун эмгегин жогору баалап, бажы жыйымдары азыр уурдалып, өлкө
казынасы миллиарддаган каражатты жоготуп жатканын айткандыгын “Азаттык”
жазган:

​- Кубанычбек Кулматов болсо бажы тармагын Райымдын (Райымбек
Матраимов – ред.) адамдарынан тазалай баштаганы үчүн камалды. Ал бир эле

Райымдын эмес, Жээнбековдун да адамдары болгонун билген эмес. Аларды
тазалагандан кийин Ош бажысында бир күндө эле бажы төлөмдөрү 10 эсе
көбөйгөнү эсиңиздердеби? Бул чоң акча да. Паспорт же мектептин курулушу
үчүн эмес, мына ушул үчүн камады аны. Бирок азыр чындыгында супер уурулар
отурат да, ошол эле бажыда. Бюджет мындан миллиардаган каражатты
жоготуп жатат, дагы жоготот. Мен президент болуп, өкмөттү башкарып
турган үч жылда Кубанычбек Кулматов бажыдагы топтомдорду үч эсе
көбөйткөн.
Кайра эле Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ишенсек, 2018-жылдын
он айында 34,3 млрд. сом топтолгон жана бул былтыркы жылдын ушул маалына
караганда 6,5 млрд. сомго көп. Мындан тышкары 2015-жылдан бери бажы
төлөмдөрү улам көбөйө баштагандыгына күбө болобуз. Мисалы, 2015-жылы ал
20,8 млрд. сомду түзсө, 2016-жылы бажыдан 29,3 млрд., 2017-жылы 34,2 млрд.
сом топтолгон.
Эгер бир эле бажыдан ушунча көп каражат түшсө, анда ал миллиарддар кайда
кетүүдө?

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз