Пятница, 26 апреля

Израиль Газа тилкесине дагы тосмо куруп жатат

0

Израиль Газа тилкесине дагы тосмо куруп жатат Тосмонун узундугу – 65 км, ал эми бийиктиги – 6 метрди түзөт Израиль Газага жакынкы чек арага темирден тосмо кура баштады. Бул жөнүндө өлкөнүн премьер министри Биньямин Нетаньяхуга таянып “Хайом” аттуу жөөт газетасы жазган.
Ал кабарда айтылгандай, тосмону куруу иштери өткөн жумада башталган. Өлкө башчысынын айтымында, бул тосмо Израиль карамагына палестиндиктердин “кирип келүүсүнөн” сактануу үчүн курулууда. Премьер министр өз кайрылуусунда: “Дүйнөнү коргоо үчүн биз аларга каршы (палестиналыктарга) коопсуздук чараларды кечиктирбей аткарышыбыз керек“ — деди. Маалыматка караганда, тосмонун узундугу 65 км, ал эми бийиктиги 6 метрди түзөт. Тосмо чек арадагы “Керем-Шалом” текшерүү постуна жакынкы жерден өтүп, Израилдин Газа тилкесине жакын куруп жаткан деңиз тосмолору менен байланыштырылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз