Италиянын парламенти кыскартылууга дуушар болуу алдында турат. Мыйзам чыгаруучулардын саны болжол менен үчтөн бирге, 630дан 400 депутатка жана 315тен 200 сенаторго чейин азайтылышы мүмкүн. Мына ушундай Конституциялык реформага болгону 14 депутат гана каршы чыкты.
Өзгөртүүнү колдоого алгандар кыскартуу бюджеттик каражатты үнөмдөөгө, ошондой эле шайлоочулардын кызыкчылыгын коргоого оң таасирин тийгизээрин айтышкан. Алар депутаттар жарандардын көп катмарынын көйгөйүн жакындан таанып, кызыкчылыгын коргошу керек деп эсептешет. Ал эми демилгеге каршы чыккандар болсо бийликти өзгөртүүлөр менен конституциялык балансты жок кылды деп айыпташты.
Кыргызстанда да ушул жылы Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын азайтуу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок бийлик, же парламент тарабынан эмес коомчулук ушундай болуусун каалаган. Депутаттардын саны 120дан 35ке кыскартылышы бюджетке бир топ үнөм алып келээрин айткан тарап көп депутат менен аз депутаттын ишмердүүлүгү бирдей эле болоорун да белгилешкен. Ал турмак кол топтолуп, ага 9 миңден ашуун адам кол койгону да айтылган. Анткен менен демилге соңуна чыккан жок.
Саясатчы, экс-депутат Ишенбай Кадырбековдун “Kyrgyz.news” сайтына эл өкүлдөрүнүн санынын көптүгү парламенттин ишине кандай таасир берээрин чечмеледи. Айтымында бир убактагы “легендарлуу” парламентте депутаттардын саны көп болгондуктан ушул убакка чейин эл эсинен кетпеген жакшы иштер жасалып, мыкты мыйзамдар кабыл алынган.
«Мен парламентте 35 депутат отурган учурда да депутат болгом, 90 депутат болгондо да болдум. Ошондуктан аз депутаттуу парламент менен жетиштүү депутаттуу парламенттин айырмасын билем. Аз учурда 18 депутат чогула калып эле туура эмес мыйзамдарды кабыл алып койгон көрүнүштөр кездешкен. Мен бүгүнкү 120 депутатты да аз деп айтаар элем. Азайтуунун ордуна мындан да көбөйтүү керек. Ал эми парламенттик аппаратта иштеген кызматкерлердин санын азайтуу зарыл. Азыр депутаттар парламенттик аппаратта иштеген кызматкерлердин санын көбөйтүп алып эле мамлекетти чыгымга учуратып жатышат», — деди Кадырбеков.
Ал эми Италия чоң мамлекет экенин, ага
Саясат талдоочу Эмил Жураев да ушундай эле пикирди карманат. Ал “мамлекеттик жогорку институт айылдагы чакан фирма эмес” дейт.