Четверг, 25 апреля

Сертификат берүү – эмдөөдөн өткөрүүнүн кошумча жолубу?

0

Сертификат берүү – эмдөөдөн өткөрүүнүн кошумча жолубу?
Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандардын саны арбыганы маалым.
Анткени диний көз караш – баланы эмдөөдөн өткөрүүдө түшүнбөстүктөрдү
жаратып келген. Эми Өкмөт бул жаатта башка аракетке өттү.
Адистер буга чейин эмдөөнүн пайда-зыяны тууралуу дин өкүлдөрүнүн
жардамында түшүндүрүү иштерин жасап келишкен болсо, азыр эмдөөдөн өткөнү
тууралуу жаңы төрөлгөн балага сертификаттарды бере баштады. Ал эми
эмдөөдөн баш тарткандарга деле берилет. Бирок ага баш тартканы тууралуу
маалымат жазылат. Бул сертификаттар баланын жанында өмүр бою сакталышы
керек болот. Анткени ал чоңоюп, бала бакчага кирээрде эле эмес, керек болсо
Жогорку окуу жайына тапшыруу учурунда да ушул сертификат талап кылынат.
Кыргызстанда мындан ары жаңы төрөлгөн бардарга туулгандыгы тууралуу
күбөлүк менен кошо сертификаттар да тапшырыла турган болууда. Анда баланын
эмдөөдөн өткөндүгү же өтпөгөндүгү боюнча маалыматтар жазылат.
Республикалык эмдөө борборунун өкүлдөрү, Ош шаарына тегерек стол
уюштурушуп, тиешелүү тараптарга маалыматтарды беришти.
Республикалык эмдөө борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара
Жумагулованын айтымында, бул – учурдагы ички жана тышкы миргациялык
агымдын негизинде ушундай кадамга баруу зарылчылыгы келип чыккан.
Сертификаттарды ата-энелер өздөрүндө сакташат. Бала бакчага барганда,
окууга киргенде, жогорку окуу жайына тапшырса да, эмдөөдөн өткөндүүгү же
өтпөгөндүгү тууралуу маалыматты биле алышат. Ал эми эмдөөдөн баш тарткан
ата-энелер болсо, аларга деле сертификат берилет. Бирок эмдөөдөн баш
тарткандыгы тууралуу маалымат жазылат. Көп учурда ата-энелер баласынын
эмдөөдөн өткөнүн билбей калышат. Медицина кызматкерлеринен такташ үчүн
баштапкы жашаган жерине кайрылышып, убарагерчилик тартышкан учурлар көп
катталат. Дарыгерлер бул сертификат ушундай маселелерди алдын алат дешет.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда эмдөөдөдөн өтпөй, андан баш
тарткандардын саны өсүп баратат. Анын башында Ош облусу турат. Мисалы
облуста акыркы бир жылда 3,5 миңге жакын адам каршы чыкты. Алдыңкы орунда
облустун Кара-Суу жана Араван райондору турат. Мунун айынан Кара-Суу
районунда кызамык оорусу кескин өөрчүгөнү айтылууда. Алардын айрымдары
миграциянын айынан эмдөөдөн өтпөй калса, кээ бирлерине диний көз караштын
таасири болууда.
Абал өлкөнүн башка облустарында да жакшы эмес. Кыргызстан боюнча
2016-жылы 4,5 миң адам эмдөөдөн өткөн жок. Былтыры, 2017-жылы, каршы
болгондордун саны 7 миңге жеткен. Бул абалды жоюу боюнча саламаттыкты
сактоо министрлигинин кызматкерлери диний лидерлер аркылуу түшүндүрүү
аракеттерин көрүп келишет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз