Суббота, 27 апреля

“Манас” аэропортуна бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түштү

0

“Манас” аэропортуна бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түштү
Бүгүн, 5-февралда, саат 15:09да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик
кызматынын (УКМК) нөөмөт кызматына “Манас” эл аралык аэропортуна бомба
коюлгандыгы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат
кызматы билдирди.
Ошол замат УКМК менен ИИМдин ыкчам кызматкерлери аталган аэропортко
жөнөп кетишти.
Учурда жеринде адистер кандайдыр бир шектүү буюмдар менен жардыргычтарды
издөө иштерин, ошондой эле бул окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча
иш чараларды жүргүзүшүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз