Вторник, 7 мая

Саламаттык сактоо министрлигинин көйгөйлөрү өтүшкөн оорууга айланып кеткен.

0

Саламаттык сактоо министрлигинин көйгөйлөрү өтүшкөн оорууга айланып
кеткен.
Өлкөбүздүн медициналык тармагынын өзүндөгү коррупция, трайбализм,
жетекчилерди өң-тааныштыкка карап дайындоо жана башка былыктары оорулуу
адамдын өтүшкөн кеселиндей абалга келип калгандыгына Парламент
депутаттары “диагноз” коюшту. 1-февралда “Республика – Ата Журт”
фракциясынын мүчөлөрү Саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы,
мамлекеттик программалардын аткарылышы жана жүргүзүлүп жаткан
реформалары жөнүндө маалымат алуу үчүн министр Космосбек Чолпонбаевди
“килемге”чакырышкан болчу.
Алдын ала кооз сөздөрдөн турган отчеттук баяндамасынан кийин эл өкүлдөрү
министрликтин ишин сынга алышты. Алгач депутат Умбеталы Кыдыралиев
электрондук саламаттыкты сактоо тутумун киргизүү боюнча долбоор канча
жылдан бери ишке ашпай келе жаткандыгын билдирди. Мындан сырткары,
тармактык министрликтин бул долбоор боюнча үстүбүздөгү жылга карата иш-
чаралар планы жоктугун, бюджетте эсепке алынбагандыгын кошумчалады.
Андыктан саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын жылдык планы жок,
күнүмдүк эле иштер менен алектенип жаткандыгын белгиледи.
Экинчи болуп микрофон алган Махабат Мавлянова болсо, бул министрлик
Өкмөттүн алсыз звеносу, анткени, бир катар тармактык көйгөйлөрдү чечүү боюнча
орчундуу кадамдары жок экендигин айтты.
Талкуу учурунда дагы бир депутат Сагындык Келдибаев министрдин
ишмердүүлүгү боюнча калк арасында көптөгөн нааразычылыктар бар экенин
айтып, анын кадрдык саясатын сындады. Эл өкүлүнүн билдиришинче, министр
кадрдык дайындоолорду Эмгек кодексиндеги ченемдерди сактабай жүргүзүүдө.
Ошондой эле айрым дайындалган кадрлар мурда коорупцияга байланышы барлар
же ар кандай эреже бузуулардан улам жоопкерчиликке тартылгандар болуп
чыгууда.
Депутат Аида Исмаилова Башкы прокуратурага Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк
медициналык борборлорду оптималдыштырууда мыйзамдуулуктун сакталышын
текшерүүнү сунуш кылды. Бул багытта борбор калаанын төрт районуна
жетекчилерди дайындоонун мыйзамдуулугун да кароо керектигин кошумчалады.
Фракция мүчөсү Марлен Маматалиев Өкмөттүн ишин артка тарткан бул
министрликтин башчысына карата чара көрүүнү вице-премьер-министр
А.Өмүрбековага сунуштады.
Мындан сырткары, эл өкүлдөрү контрафакттык дары-дармектерден, гранттык
каражаттарды натыйжасыз пайдалануудан коргонуу механизмдеринин жоктугуна,
Милдеттүү медициналык  камсыздандыруу фондун (ММКФ) министрликке кошуу
зарылдыгына дагы көӊүл бурушту.
Ошондой эле медициналык мекемелердеги кызматтык орунжайлар ырааттуу
пайдаланылбай жаткандыгы, калкты тейлөөдөгү начар кызмат көрсөтүү,
мамлекеттик лабораториялык борборлордун жоктугу айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз