Воскресенье, 19 мая

Түркия Кыргызстандын түштүгүндө интенсивдүү бак өстүрөт.

0

Түркия Кыргызстандын түштүгүндө интенсивдүү бак өстүрөт.
Кыргызстандын түштүгүндөгү Кара-Суу районунда түрк ишкерлери
интенсивдүү бак өстүрүүнү пландап жатышат. Атайын сорттогу жаңгактар сырты
жука, майлуулугу 40%га жогору, 3 жылда мөмөгө кирип, 150 жылга чейин мөмө
берет.
Маалыматка караганда, эми дыйкандар катуу жаңгак өстүрүүнүн жаңы
көчөттөрүн эгишет. Калифорниядан алып келинип жаткан катуу жаңгактын
“Чаллер” сорту, эрте түшүм берип, бир түбүнөн 80 килограммга чейин мөмө берет.
Адистердин айтымдарында, жаңы сорттор Кыргызстандагы жапайы жаңгактардан
бир топ артыкчылык кылат. Бою 7 метрден ашпаган эргежээл көчөттөр биринчи
эккен жылы эле мөмө бере баштайт. Аны менен катар жар аянтын да көп
ээлебейт. Ар бир көчөттүн баасы 430 сомго бааланууда.
Мындай маалымат Ош облустук мамлекеттик администрациясы да, интенсивдүү
бак өстүрүү боюнча Туркиянын «Атлас» компаниясынын өкүлдөрү жана Орто
азиядагы “Агропром Трейд” компаниясынын адистери менен болгон жолугушууда
айтылды. Аталган компания буга чейин коңшу Казакстан жана Өзбекстан
мамлекеттеринде иштеп келген.
Фото: Иллюстративдик фото

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз