Понедельник, 20 мая

Өлгөн адам чек арадан кантип “өтүп” жүргөн?

0

Акча азгырыгы айрым мамлекеттик кызматкерлерди кандай гана
амалкөйлүккө алпарбайт. Көзүнө кызарган мындайлар мыйзамыңды мындай кой,
уят-сыйыт, абийирди да унутуп коюшуп, көзү өткөн адамдардын атынан
коррупциялык иштерди жасоодон да кайра тартышпайт тура.
Ушул жумада Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан Өкмөткө
караштуу Мамлекеттик каттоо кызматындагы мыйзамсыз аракеттерди текшерүү
учурунда КРнын жарандык паспортун кызмат абалын кыянаттык менен
пайдалануу аркылуу коррупциялык максатта мыйзамсыз түрдө колдонуу фактысы
аныкталды.
Атап айтканда, 1990-жылы төрөлүп, көзү өткөн катары эсептелген К.у. Т.
аттуу Кыргызстандын жараны бир нече ирет республикабыздын мамлекеттик чек
арасынан кирип-чыккандыгы аныкталды.
Бирок 2018-жылы 31-декабрда “Чалдовар-Автожол” чек ара бекетинен өткөн
учурда аскер кызматкерлери тарабынан 1993-жылы төрөлгөн КРнын А. И. аттуу
жаран кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ал 2015-жылдын май айынан тартып
маркум катары эсептелген К. у. Т.нын паспортун колдонуп, КРнын мамлекеттик чек
арасынан бир нече ирет кирип-чыккандыгы аныкталды.
Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук прокуратурасынын 2019-жылдын
17-январындагы токтомуна ылайык, көзү өткөн адамдын паспортун башка бирөөгө
каттоо боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине карата
УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери
жүрүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз