Пятница, 22 ноября

Оюн талаасына чуркап чыккан күйөрман үчүн футбол федерациясы жазага тартылат

0

Кечээги Кыргызстан Мьянма беттешинин соңунда оюн талаасына чуркап чыккан күйөрмандын жоругу үчүн ФИФА футбол федерациясын жазага тартууга ниеттенүүдө. Бул туурасында федерациядан билдиришти.

Айта кетсек, Кыргызстан Мьянма футболчулары бет келишип, улуттук курама команда атаандашын 7:0 менен уткан. Мына ушул жеңишке толкунданганбы айтор бир күйөрман оюндун бүтөөрүнө 8 мүнөт калганда стадионго чуркап чыгып, аз жерден футболчуларды куттуктап жибере жаздаган. Ал дарбазачынын жанынан чуркап өтүп андан нары спортчуларга жөнөгөн. Бирок ушул учурда аянтты курчап турган милиция кызматкерлери эч кандай чара көргөн жок. Бир аз мүнөттөрдөн кийин гана укук коргоо органдарынын бир кызматкери тосмодон өтүп күйөрманды сыртка чыгарган. Ошол эле учурда аянттан, дарбазанын арт жагынан дагы бир адам басып келатканы байкалган.

Азырынча эреже бузган күйөрмандын өздүгү такталып, бузуулар жана жоруктар кодексине бейбаштык катары катталган, ошондой эле ага административдик айып салынаары белгилүү болду.
Ал эми Кыргызстан футбол федерациясына аша чапкан күйөрмандын кылыгы үчүн ФИФА тарабынан штраф салынаары айтылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз