Воскресенье, 19 мая

“Манас” аэропортуна жардыргыч зат коюлгандыгы далилденген жок.

0

“Манас” аэропортуна жардыргыч зат коюлгандыгы далилденген жок
5-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 14:41де Кыргызстандын
авиакомпанияларынын биринин электрондук почтасына “Манас” аэропортунун
имараттарынын бирине күчөтүлгөн таймер менен жардыргыч зат коюлгандыгы
тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ошол замат окуяга ыкчам чара көрүү максатында окуя болгон жерге КРнын
УКМнын жана ИИМнин ыкчам-тергөө жана нөөмөт кызматтары жөнөп кетишкен.
Аэровокзал комплексин, аба кемелерин жана башка имараттарды
текшерүүнүн натыйжасында кандайдыр-бир жардыргыч зат табылган жок.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мындай кабар чет өлкөдөн жөнөтүлгөн.
Учурда Кыргызстандын аэропорттору штаттык режимде иштеп жатат.
УКМК органдары тарабынан террордук акт тууралуу жалган маалымат
тараткан адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз