Пятница, 10 мая

Ош шаарынын быйылкы бюджети былтыркыдан 187 млн. 448 миң сомго көбөйдү.

0

Ош шаарынын быйылкы бюджети былтыркыдан 187 млн. 448 миң сомго
көбөйдү
5-февралда Ош шаарынын 2019-жылга бекитиле турган бюджети коомдук угууда
талкууланды. Анда шаардык кеңештин депутаты Ж. Ормонов бюджеттин
бөлүнүшү тууралуу айтып, “Интербилим” уюмунун Оштогу жетекчиси Г.
Мамасалиева жана шаар тургундары бир катар сунуштарды берди.
Ош шаарынын бюджети өткөн 2018-жылга салыштырмалуу 20 пайызга өсүп, 1
млрд. 127 млн. 634 миң сомду түзүүдө. Бул көрсөткүч өткөн жылга
салыштырмалуу 187 млн. 448 миң сомго көп.
Өткөн жылдан айырмаланып билим берүү, капиталдык курулуш, жолдор
башкармалыгынын  бюджети көбөйтүлгөн. Тактап айтканда, шаардык капиталдык
курулуш башкармалыгына 120 млн. 300 миң сом, жолдор башкармалыгына 83
млн. сом, билим берүү тармагына 378 млн. 673 миң сом бюджеттин долбоорунда
каралган.
Мындан тышкары маданият жана спорт тармагын каржылоого 74 млн. 762 миң сом
каралууда. Анын ичинде “Алай” футбол клубуна 19 млн. 500 миң, “Сулайман-Тоо”
волейбол клубуна 3 млн. 900 миң сом каралган. Волейбол клубун ачууну шаар
мэри Таалайбек Сарыбашов демилгелеп, шаардык кеңеш колдоп берген.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов бюджет максаттуу иштетилип, шаардагы
көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасалаарын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз