Суббота, 27 апреля

«Манас» аэропорту бүгүн да ишин токтотту. Жардыргычтан эмес, кардан.

0

«Манас» аэропорту бүгүн да ишин токтотту. Жардыргычтан эмес, кардан.

Бүгүн, 6-февралда кардын калың жаагандыгына байланыштуу эл аралык «Манас» аэропортунун  иши токтоду. Бул тууралуу аталган аба майданынын маалымат кызматы билдирди.

Аба ырайынын чукул кырдаалына байланыштуу 10 каттам (учуп-конуу) өз убактысында жүргүзүлбөй, кийинки мөөнөткө калтырылды.
Стамбулдан чыккан «Түрк аба жолдору» жана Дубайдан учуп келген Fly Dubai компаниясынын самолёттору Ташкенттин кошумча аэродромуна жөнөтүлдү.

Ал эми түнкү каттамдардын баардыгы өз учурунда аткарылгандыгын кошумчалады маалымат кызматы.

“Манас” аэропортуна самолёттордун учуп-конуусу таңкы саат 6:30да токтотулду. Учурда саат 11:00гө чейин учуп-конуу тилкесин кардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, кечээ, 5-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 15:09да Кыргызстандын “Манас” жана Ош эл аралык аэропортторуна жардыргыч зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү маалымат түшүп, кечки саат 19дарга чейин УКМК менен ИИМдин атайын кызматтары имараттарды текшерип, эч кандай шектүү зат таппаган соң, аба майдандарынын иши кайра жанданган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз