Пятница, 26 апреля

Венесуэлада эмне болууда?

0

Венесуэлада эмне болууда?

Венесуэладагы акыркы мезгилдеги окуялар дүйнөнүн көӊүл чордонунда болууда. Өлкөдө саясий абал курчуп, экономикасы 50 пайыз жоготууга учурап, запкы жеди. Эл аралык валюта фонду Венесуэланын акча тартыштыгы 2019-жылы күзүндө 10 миллиард долларга жетерин божомолдоп чыкты.

Венесуэла деген буга чейин кандай өлкө эле? Кандай олуттуу себептерден улам бүгүнкү саясий кризиске кабылды? Окуяны тутандырып, отко май чачып жаткан кимдер? Деги эле өлкөдөгү абал жакын арада жакшырабы?

Бир убакта тынч жашап, өнүгүү жолунда бараткан мамлекет саясий кризиске кабылып, «эки баштуу бийлик» пайда болду. Бири, мурдагы президент Уге Чавес каза болгондон кийин бийликке келип, өлкөнү бийлеп жаткан президент Николас Мадуро жана аны колдогон тарап. Экинчиси, Улуттук Ассамблеянын (парламенттин) спикери, өзүн «утурумдук президент» деп жар салган Хуан Гуайдо жана анын колдоочулары.

Окуя кантип тутанды? 10-январда Мадуро экинчи президенттик мөөнөтүнө киришет. Николас Мадуронун ант берип, өлкө башчылыгына экинчи жолу кайра шайлануусу, анын өкмөтүнө каршы болуп келаткан тараптардын тынчын алды. 23-январда Гуайдо өлкөдөгү абалды шылтого алып, нааразычылык акцияларын баштап, өзүн өлкөнүн «убактылуу президентимин» деп жар салып чыкты.

Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп Хуан Гуайдону колдоорун ачыктады. Мадуро Трампка жооп кайтарып, АКШ менен дипломатиялык жана саясий мамилелерди токтоткондугун жар салып, Трамап бийлигине элчилерин 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгарып кетүү талабын койду. АКШ болсо, Венесуэла элчилигинин экинчи даражадагы кызматкерлеринин өлкөдөн чыгып кетүүсү керек экенин эскертти. Окуянын өнүгүшүндө «мыйзамдуу президенти» жана «убактылуу президентти» колдогон өлкөлөр пайда болду.

Учурда Мадурону колдогон өлкөлөр: Мексика, Түркия, Россия, Кытай, Куба, Боливия.

Ал эми Гуайдону «утурумдук президент» деп тааныган өлкөлөр: АКШ, Канада, Колумбия, Бразилия, Перу, Аргентина, Чили, Парагвай жана Гватемала мамлекеттери.

Экономикалык кризистин башаты

Бир кезде ушул чөлкөмдүн эң бай өлкөлөрүнүн бири болгон Венесуэланын калкы оор учурду башынан кечирүүдө. Кризистен улам саясый туруксуздуктун күчөшү жана нааразычылыктар качкындардын толкунунун артуусуна себеп болду. Ушул окуялардан улам өлкөдөн 3 миллион киши сыртка чыгып кетти.

Экономикалык кризис 2010-жылдардан бери, мурдагы президент Уге Чавестин учурунан эле башталган. Он жылга жетпеген убакта тамак-аш, дары-дармек сыяктуу элдин күнүмдүк керектөөсүнө зарыл болгон нерселер бир нече эсеге кымбаттаган. Инфляция асмандап, улуттук акчанын куну жоголгон. Серепчилердин айтуусу боюнча дүйнөдөгү бензиндин баасы эӊ арзан болгон, мунай экспорту боюнча алдыӊкы өлкөлөрдүн катарына кирген Венесуэла ички жана сырткы күчтөрдүн таасири аркасында кризиске бата баштаган. Кризистин жаралышынын дагы бир себеби мунайдын дүйнөлүк баасынын ылдыйлап кетиши болду. Албетте элдин жашоо-шартынын оордошу нааразычылыктарды пайда кылбай койбойт болчу. Оппозиция муну өз пайдасына колдонгонго жетишти.

АКШ баш болгон Канада жана Латын Америкасынын экономикалык жактан күчтүү өлкөлөрү өз аймактарында Венесуэлага туризм жана банк секторлору боюнча чектөөлөрдү киргизип, Мадуронун өкмөтүнө каршылык аракеттерин көрдү. Экономикалык чектөөлөр аркылуу Венесуэла өкмөтүн жалгыздатууга аракет кылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз