Орусиянын президенти Владимир Путин 14-октябрда Сауд Арабияга барды. Иш сапарынын алкагында Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман менен жолугушту. Бул тууралуу орус басылмалары Кремлдин маалыматына таянып жазып чыгышты.
Маалым болгондой жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки өлкө ортосундагы мамилелерди, Сирия менен Йемендеги абалды талкуулашты. Андан сырткары терроризмге каршы күрөшүү маселелери да көтөрүлдү.
Ошондой эле орус лидери бул иш сапарынын алкагында мунай боюнча келишимге кол коюуга жана Орусияга инвестиция тартууга аракет кылат. Айрым маалыматтарга караганда Орусия экономикалык санкциялардан улам ички дүң өнүмүн 3%га көтөрүү ниетин ишке ашыра алган эмес.