Понедельник, 25 ноября

Трамп Түркияга каршы санкция киргизүү жарлыгына кол койду

0

АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядагы кырдаал боюнча Түркияга каршы санкция киргизүү жарлыгына кол койгонун мамлекеттик катчы Майк Помпео билдирди.

Мамдепартаменттин башчысынын билдирүүсүнө караганда жарлык Түркияны Сириядагы операцияларын токтотууга мажбурлоо үчүн кабыл алынды. Ага ылайык АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Каржы министрлиги Сириянын түндүгүндөгү тынчтыкты жана туруктуулукту бузууга тиешеси бар Түркиянын каалаган мамлекеттик мекемесине санкция салууга укук алды. Алар негизинен Түркиянын Энергетика, Коргоо жана Ички иштер министрликтерине жана бул мекемелердин башчылары Хулуси Акар менен Фатих Донмезге каршы багытталды. Андан тышкары кара тизмеге акыйкаттык жана өнүгүү башкаруу Партиясынын төрага орун басары Сулейман Сойгу да кирген.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-октябрда Сириянын түндүгүндөгү “Тынчтык булагы” операциясы башталгандыгын жарыялаган. Операция террористтик топторду жок кылууну жана сириялык качкындардын мекенине кайтып келүүсүн коопсуздандырууну максат кылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз