ИИМ министри кызматкерлеринин мыйзам бузгандыгын жашырбайт

0

ИИМ министри кызматкерлеринин мыйзам бузгандыгын жашырбайт

Бул тууралуу ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев 5-февралда өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча журналисттер үчүн уюштурулган отчеттук маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтуусунда, 2018-жылы ар кандай тартип бузуулар боюнча 5 811 кызматкер тартип жазага тартылган. 71 кызматкер тартипти одоно бузганы үчүн ички иштер органдарынан кызматынан бошотулган, 205 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Ал эми мыйзам бузуу жоопкерчилигине 1 475 кызматкер тартылган. Анын ичинде жаза процессуалдык кодексинин нормаларын бузганы үчүн 343 кызматкер, кылмышты жашыруу үчүн 139 кызматкер, жасалма документ колдонуу боюнча 14, жол транспорту окуялары боюнча 27, автоунааны мас абалында айдаганы үчүн 67 кызматкер жоопкерчиликке тартылган.

Министр журналисттердин “Милиция кызматкерлеринин өздөрү мыйзам бузуп, ал тургай кылмыш жасап жаткандыгы көбөйүп жаткан жокпу?”,- деген суроосуна “Мен да арабыздагы таза эмес милиция кызматкерлеринен арылууга кызыкдармын. Мына, жакында Бишкектин Анкара көчөсүндө бир милиция кызматкери мас абалында унааны айдап баратып, аварияга учураган жана бир адамдын өмүрүн кыйды. Андан тышкары милицонер тарабынан зордуктоо кылмышын жасаган окуя катталды. Эгер биз бул окуяларды жашырып койсок, балким, коомчулук билбей деле калмак. Бирок азыр андай эмес, баарын ачык айтып, мыйзам бузган кызматкерлерибизди жазага тартып жатабыз. Мага сиздер да жардам бериңиздер”,- деди министр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз