Четверг, 19 сентября

С. Исаковдун кылмыш иши Толстойдун томдорунан да ашып кетти

0

С. Исаковдун кылмыш иши Толстойдун томдорунан да ашып кетти

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеп бүтүп, Башкы прокуратурага жөнөттү. Мындай маалыматты айыпталуучунун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура беш күн ичинде айыпты бекитип, аны айыпталуучуларга угузушу керек. Андан кийин иш сотко жөнөтүлүп, ал он күндүн ичинде алгачкы угууларды өткөрүшү зарыл.

Буга чейин адвокаттар иштин материалдары 53 томдон тургандыктан, алар менен таанышууга жетишпей калып жатышканын билдиришкен болчу. Бул жагы орустун белгилүү жазуучусу Лев Толстойдун томдарунан да ашып кетүүдө. Эгер бир эле ЖЭБдеги жеп-ичкен коррупциясы ушунча болсо, анда алдыда турган Мамлекеттик тарых музейи, Бишкек-Ош альтернативалуу жолу жана башка С. Исаков өкмөт башчы болуп турганда чет өлкөлөрдөн алынып, дайынсыз жоголгон миллиондогон доллар боюнча айыптоолор канча том болор экен. Сыягы, “Манас” эпосунан да ашып кетет го.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз