Понедельник, 6 мая

Кыргызстан  «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кошулду

0

Кыргызстан  «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кошулду

Башкы кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Freedom House эл аралык укук коргоо уюму 5-февралда жаңы баяндамасын жарыялады.

Анда өткөн жылы дүйнөнүн 68 өлкөсүндө саясий укук жана жарандык эркиндиктин абалы начарласа, 50 өлкөдө жакшырганы белгиленген.

Уюмдун баяндамасында Орусия, Иран жана Азербайжан, ошондой эле Борбор Азиядагы мурдагы советтик республикалардагы кырдаал сынга алынып, аларда акыркы 13 жылда демократиялык жетишкендиктер солгундап баратканы белгиленген.

Казакстан мурдагы жылдардагыдай эле «эркин эмес» өлкөлөрдүн тобуна кошулса, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан саясий укуктар менен жарандык эркиндиктин абалы эң начар мамлекеттер деп табылган. Борбор Азиядагы бул үч өлкө Сирия, Түштүк Судан, Эритерия, Түндүк Корея, Судан, Борбордук Африка республикасы, Ливия сыяктуу мамлекеттер менен бир топко киргизилген.

Ошол эле маалда Freedom House буга чейин «начарлардын начары» деген топко кирип келген Өзбекстандагы айрым ийгиликтерди белгилеген. Анда президент Шавкат Мирзиёевдин тушунда саясий туткундар бошотулуп, бейөкмөт уюмдар үчүн чектөөлөр жеңилдетиле баштаганы кубатталган.

Баяндамада Борбор Азия өлкөлөрүнөн жалгыз Кыргызстан гана «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кошулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз