Воскресенье, 19 мая

Кыргызстан курамасы Монголияны өзүнүн талаасында утуп алды

0

Бүгүн, 15-октябрда Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн беттеште Кыргызстан курама командасы талаа ээлерин 2:1 эсебинде утуп алды.

Оюн кызуу жүрүп, ата мекендик футболчулар таймаштын 14-мүнөтүндө биринчи топту киргизишкен. Экинчи голдун ээси көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон спортчу Мирлан Мурзаев болгон. Ал оюн бүтөөрүнө 3 мүнөт гана калганда атаандашынын дарбазасына топ тээп, бүтүндөй кыргызстандык күйөрмандарга кубаныч тартуулады.

Ал эми Монголия эреже бузулганына байланыштуу айып аянттан гол киргизишкен.

Айта кетсек Кыргызстан курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо этабында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.

Буга чейин Тажикстандан 1:0 эсебинде утулса, Мьянманы 7:0 менен уткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз