Вторник, 7 мая

Атамбаев үй камагына чыккан жок

0

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруусу соңуна чыкты. Анда Алмазбек Атамбаев менен ЖАМКнын төрагасынын мурдагы орун басарынын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыккан жок.

Мурдагы мамлекет башчысы буга чейин эки ирет сотко келүүдөн баш тарткан. Мындан улам 14-октябрдагы процессте судья ЖАМК кызматкерлерине Атамбаевди отурумга алып келүүнү тапшырган. Бирок ал бүгүнкү процесске «менсиз соттук өндүрүштү уланта бергиле» деген кат жазган.
Мурдагы мамлекет башчысынын жактоочусу Сергей Слесаревдин пикиринде Атамбаев абакта отурбашы керек.

“Мен Алмазбек Атамбаевди үй камагына коё берүүсүн өтүнгөм, себеби ал абакта отурбашы керек. Судьялык кылган Эмиль Каипов менин өтүнүчүмдү четке какты. Ошондой эле биз экс-президентке каршы кылмыш ишин козгоодон баш тартууну жана материалдагы айрым иштерди ачыка чыгаруу боюнча өтүнүч келтирели деп жатабыз”, -деди Слесарев.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты.
“Атамбаевге каршы көрсөтмө бергем. Батукаевдин иши боюнча көп нерсе билбейм. Мен Батукаев мыйзамсыз бошогонун ал өлкөдөн чыгып кеткен соң билгем. Атамбаев Батукаевдин бошотулушу мыйзамдуу болгонуна ынандырып, көрсөтмө бергенин айта алам”-дейт Салянова.

Эскерте кетсек Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча жалпы 19 адам айыпталуучу катары өтүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз