Суббота, 4 мая

Путиндин кыргыз жыттанган белеги (видео)

0

Владимир Путин 14-октябрда Сауд Аравияга иш сапары менен барган. Ал иш сапарынын алкагында Сауд Аравиянын королу Салману бен Абдель Азиз Аль Саудка камчат шумкарын тартуулады.

Маалым болгондой шумкар “Мурас” кыргыз-орусиялык шумкар борборунда өстүрүлгөн. Борбор Ысык-Көлдө жайгашкан. Анын жетекчиси Шухрат Разаковдун айтымында королго тартууланган шумкар Альфа тукум алууга мүмкүн болгон чемпиондордун биринчиси. Ал абдан акылдуу канаттуу, андыктан араб хандыгында жылдызга айлануусу толук мүмкүн.

“Тапшыруу аземинин алдында шумкар тынчсызданып баштады, аны бир нече күн тынчтандырууга туура келди. Сауд королу аны алып жатып жаңы ат коерун айтты. Андан кийин канаттуунун төшүн сылагылап жактыргандай башын ийкеди. А шумкар болсо ак сарайдын мрамор полуна даарат ушатып жиберди. Ал жерде тургандар шумкардын мындай жоругун байкамаксанга салышты”, — деп айткан Разаков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз