Среда, 24 апреля

Орусия менен Иран сода-сатыгын долларсыз жүргүзөт

0

Орусия менен Иран сода-сатыгын долларсыз жүргүзөт

Ирандагы Орусия элчиси Москва менен Тегеран соода жана финансылык операцияларында доллардан пайдаланууну токтотушаарын билдирди.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Ирандагы элчиси  Леван Жагарян эки өлкө өзүнүн соода алакаларында мындан ары доллардан пайдаланбастан, улуттук валюталардан колдонуу долбоорлорун ишке ашырып жатышканын айтты.

Ал ошондой эле евро дагы зарыл убактарда гана пайдаланылаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, ТАСС агенттиги Иран менен Орусия жетекчилери жакында боло турган Астана жыйынынын алкагында жолугушуу өткөрүшүп, экономикалык кызматташуулар боюнча кеп-кеңеш жүргүзүшөөрүн маалымдаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз