Четверг, 21 ноября

Мунай, алтын жана баңгизат Венесуеланы жарга сүдүрөөдө

0

Мунай, алтын жана баңгизат Венесуеланы жарга сүдүрөөдө

Юнус Емре Институтунун Бразилиядагы жетекчиси Хусамеддин Аслан Венесуэла кризиси боюнча талдоо жүргүзүп, анын келип чыгуу булактарына сереп салган.

Венесуэла 300 миллиярд барелден ашык мунай запасы бар бай өлкөлөрдүн бири. Мурунку президент Хуго Чавездин бийлигинин тушунда PDVSA (Petroleus de Venezuela) мунай компаниясынын  мүлкү улутташтырылган. Улутташтырылган компаниялардын катарына Exxon Mobile сыяктуу дүйнөлүк фирма да кирген.

Негизи Венесуэла өндүргөн мунайдын жарымынан көбүн АКШ сатып алат. Бирок, Венесуэла өлкөнүн саламаттыкты сактоо, аскердик жана социалдык маселелерин чечүү максатында Кытай жана Россияга да мунай экспорттойт. Мындан сырткары Индия, Түркия, Бразилия жана Франция да Венесуеланын капчыктуу мунай кардарлары болуп саналат. PDVSAнын мунай өндүрүү жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөөсү, Россия жана Кытайдан алган кредиттерди кайра төлөөнү кечээндетип, өкмөттү мунайдын көбүн Россия менен Кытайга экспорттоого мажбур кылган. Венесуэла өндүрүлгөн мунайды квалификациялуу түрдө баалай албагандыгынан улам, Россия жана Кытай башында турган өлкөлөрдүн Венесуэланын байлыктарын иштетүү укуктары кеӊейген.

Экинчи маселе баңгизатка тиешелүү. Колумбиядагы баңгизат картелдеринин согушу жана куралчан топтор менен Колумбия бийлигинин тынчтык келишимдери наркобарондордун өлкөдөгү аракеттерин алсыратты. Наркобарондор өздөрүнө жылуу конуш издеп, натыйжада алар бийликтин укуругу алсыз болгон Венесуэлага жайгашып, өлкө баңгизат колдонуучу, сатуучу чоң бир борборго айланып чыга келген.

Чындыгында АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) бул сооданы башкарууну көздөйт. Ошондой эле баӊгизаттын химиялык өндүрүүгө багыт алуусу менен бирге картелдердин көбөйө башташы да буга түрткү болгон. Венесуэланын жергиликтүү баңгизат картелдери бул мүмкүнчүлүктү АКШнын Борбордук чалгын кызматына тарттырып жиберүүнү каалашпайт. Ушундай маселелерден улам Мексика жана Колумбия баңгизат картелдеринин ортосунда согуш аракеттери чыӊалууда. Мексикада солчул өкмөттүн бийликке келүүсү менен Мексика менен Венесуэланын ортосундагы талаш чечиле тургандай көрүнгөнү менен, Латын Америка дүйнөдөгү эң чоң баңгизат базары деп эсептелинет. Латын Америкасындагы баңгизат базарындагы мындай көрүнүштөр Венесуэланын саясий жана аскерий элитасынын ичинде аткезчилик чатагынын чыгуусуна себеп болууда. Баңгизат картелдеринин расмий кызматкерлер менен болгон байланышынын да массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылышы элдин кыжырын кайнатууда.

Венесуэлалыктар өлкөдө баңгизат соодасынын көбөйүшүн колумбиялаштыруучу аракет катарында көрүшүүдө. Мадуронун өкмөтү баңгизат картелдеринин ортосундагы чыр-чатакты басууда алсыз болууда. Венесуэла 2018-жылы жылдык кирешеси 500дөн 600 миллиярд доллар тегерегинде болгон баңгизат соодасы ишке ашырылган экинчи өлкөгө айланды. Латын Америкада баӊгизатта айланган акча 1,5 трилион долларга чейин жетти. Венесуэлада баңгизат аткезчилигине аралашкан мамлекеттик кызматтагыларды “Күн картелдери” деп каташат. Бул аталыш Венесуэла Улуттук күзөт кызматчыларынын пагонундагы жылдыздардан улам айтылып калган.

Колумбиянын чыгышында, Венесуэланын батыш тарабында өстүрүлгөн марихуана дүйнөдөгү запастын 75 пайызын түзөт. Нарко соодагерлер Венесуэла мунай экспорттоо үчүн курган жолдорго, деңиз булуңдарына кыйыр түрдө ээлик кылат. Бул мүкүнчүлүк баңгизат ташууну жеӊилдетет. Албетте АКШнын Борбордук чалгын кызматы бул ири соода жолун башкарууну колдон чыгарбоого кызыкдар. Колумбияда полиция менен баңгизат аткезчилеринин ортосундагы кагылышуулар, чоң көлөмдөгү баңгизат соода жолдорунун Венесуэла тарапка ооп кетүүсүнө шарт түзүүдө. Бул көрүнүш, экономикалык пайданын Венесуэла тарапка ооп кетүүсүнө түрткү болууда.

Дүйнөдөгү эң чоң мунай импорттоочу өлкөлөрдүн бири болгон Кытай менен эң көп мунайга ээ Венесуэланын күчтүү партнёрго айланып бара жаткандыгы АКШнын тынчын алууда. Венесуэладагы кризистин негизги себеби Кытайдын Мадурону колдогондугунда деген пикирлер да жок эмес. Себеби, Кытай Венесуэлага көп тармактуу жардам берүүдө жана 2005-2019-жылдарга деп 70 миллиярд доллар карыз берген. Бул карыз Венесуэланын айыл чарбасынан тартып, мунай импорттоо, ж.б. тармактарга ар түрдүү технологиялык жардамдар катарында берилген. Кытай менен Венесуэланын ортосунда аскерлерди окутуу боюнча да кызматташуу жолго коюлган. Ошондой эле Кытай бир эле Венесуэла эмес, жалпы Латын Америкага жакындан мамиле жасап, көп суммадагы карыз берип, долбоорлорду ишке ашырып келет.

АКШ Россия менен Венесуэланын мамилелерин Кытай менен Венесуэланын мамилелерине караганда көбүрөөк коркунучтуу деп эсептейт. Россия Венесуэлада асердик деңиз жана аба базасын курууга кызыкдар. Айрыкча Россиянын Роснефт фирмасы Венесуэлага технологялык жардам көрсөтүп, аларга өз алдынча мунай иштетүү мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгы АКШнын таасирин азайтып салды. Ушинтип Россия Венесуэладагы мунай өндүрүү тармагында таасирдүү болууну максат кылууда.

Түркия-Венесуэла мамилелери Мадуро менен Эрдогандын жеке аракеттери менен алдыга жылууда. Түркиянын соода-сатык иштериндеги таасири Россия жана Кытай менен теңтайлаша албаса да, акырындап алдыга жылууда. Венесуэла өзүнүн алтынын импорттоо сертификатын Швецарияга эмес Түркияга берүүсү кыска убакыттын ичинде жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп калды. Ошол эле учурда Түркиянын Венесуэладагы кен байлыктарды иштетүүдөгү ролу, албетте Россия менен Кытайдын жасаган саясатына теӊ келээри кыйын. Кыскасы Венесуэланын Россия, Кытай, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен болгон экономикалык, саясий мамилесинин артуусу, АКШнын Латын Америкадагы таасирине кедергисин тийгизүүдө.

Буга чейин Мадурого каршы жыйырмадан ашык төңкөрүш аракети жасалгандыгына карабастан, алардын эч бири ага зыян келтире албады. Мадуронун өкмөтү бул аракеттерден улам кайра күчтөндү. Бирок Мадуронун башкаруусундагы өкмөт АКШнын саясий жана экономикалык кийлигишүүсүнө караганда, бийликтеги аткаминерлердин жөндөмсүздүгүнөн көбүрөөк жабыркап келет. Коррупциянын күч алуусу, мамлекеттин өнүкпөшү, тынчтыктын сакталбашы, айрыкча бюрократиянын буржуазияга айланып бараткандыгы Венесуэла калкынын нааразычылыктарын күчөттү. Венесуэла эки бөлүккө бөлүнүп калды. Бир тарапта испаниялык “ак неберелер”, АКШнын борбордук чалгын кызматы каржылаган эски аскерлер, жарандык коом, студенттер, саясий атаандаштар, Маямидеги элиталык топтор, поптор, ал эми экинчи тарапта кызмат өтөп жаткан аскерлер, жумушчулар, айыл жерлериндеги кедей-кембагалдар, жергиликтүүлөр, көчмөндөр жана бай солчул бюрократтар бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз