“Геология-экономикалык иликтөөлөр кыргыз методикалык экспедициясы” мамлекеттик ишканасынын директору Жаныбек Дүйшеев кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Ага каршы кол алдындагы кызматкер сотко арыз жазганын жарыялаган. Кызматкердин айтымында жетекчи ага сексуалдык ыдык көрсөткөн.
Жаныбек Дүйшеев кызматтан кетүү чечимин өзү кабыл алганын айтууда. Ал бул окуя бир гана ишкана ичине эмес, бүт Кыргызстанга жайылып кеткенине нааразы.
“Ага юридикалык баа берилиши үчүн убактылуу кызматтан четтедим. Жетекчиликке арыз жаздым, бирок жообун азырынча ала элекмин. Жумуштан бошотулган кызматкердин айткандарын эмгек жамаат бирдиктүү жокко чыгарышты”, — деди ал.
Эске салсак А. К. Г. аттуу кызматкер мамлекеттик ишканада жарым ставка менен иштеп келгенин жана жакында жетекчи Ж. Дүйшеев аны кабинетине чакырып, жарым ставкасы аягына чыкканын, бирок эгер узартууну кааласа бир жол бардыгын, ал жол – интимдик кызмат көрсөтүү экенин айтканын жарыялаган. Ага далил катары жетекчинин “мен мейманкана издеп жатам” деген сыяктуу сөздөрү жазылган видеону чыгарган.
Бирок Дүйшеев мындай билдирүүнү жалган жалаа катары сыпаттап, ал кызматкер “өзү ойсоңдоп тийишкенин” бирок ал көңүл бурбаганын белгилеген.